КЫРГЫЗСТАН ГЕРМАНИЯ МЕНЕН ЖАҢЫ БАРАК АЧУУДА

  • 21.04.2026
  • 0

Жогорку Кеңеш төрагасы Марлен Маматалиев Германиянын бийлигинен Кыргызстандын жарандарына окууга жана иштөөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү.

КЫРГЫЗСТАН ГЕРМАНИЯ МЕНЕН ЖАҢЫ БАРАК АЧУУДА

 

Төрага бул маселени Берлин шаарындагы иш сапарынын алкагында Саксониянын Германиядагы туруктуу өкүлү Маркус Франке менен болгон жолугушууда көтөрдү. Жолугушууга ошондой эле Германиянын мамлекеттик катчысы, Бундесраттын аппарат жетекчиси Уте Реттлер, Түндүк Саксония округунун башчысы Кай Эмануэл жана башка расмий өкүлдөр катышты.

Марлен Маматалиев Кыргызстан Германиянын федералдык аймактары менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Ал Саксония аймагындагы Дрезден, Лейпциг, Хемниц шаарларындагы университеттерде жана Фрайберг тоо академиясында кыргызстандык жаштардын билим алуусуна, ошондой эле жогорку технологиялык ишканаларда иштөөсүнө шарт түзүп берүүнү сунуштады.

Парламенттин маалыматына ылайык, төрага төмөнкүдөй конкреттүү сунуштарды киргизди:

  • 100 кыргызстандык студентти окутуу;
  • 100 мугалимдин квалификациясын жогорулатуу;
  • Саксониянын жогорку технологиялык ишканаларында иштөө үчүн 100 орунга чейин квота бөлүү;
  • аталган университеттерде магистратура үчүн 100 орун берүү.

Маматалиев ошондой эле Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу жана чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча ырааттуу иштер жүрүп жатканын белгилеп, Саксониянын бизнес өкүлдөрүн Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Мындан тышкары, ал эки жыл мурун Ысык-Көл облусу менен Саксония округунун ортосунда түзүлгөн кызматташуу меморандумун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Маркус Франке Кыргызстан менен кызматташуу артыкчылыктуу багыттардын бири экенин айтып, ишкердик жана маданий байланыштарды өнүктүрүү эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын шаарларынын ортосундагы боордоштук байланыштарды өнүктүрүүгө даяр экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Орусиядагы мигранттарга карата талаптар катаалдашкандан кийин кыргызстандык эмгек мигранттары Европага көбүрөөк багыт ала баштады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, учурда 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө жүрөт. Анын ичинен 376 миңи Орусияда миграциялык каттоого алынган.

Айназик ТОКТОГУЛОВА,
«Кут Билим»,  И. Арабаев атындагы КМУнун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникация факультетинин 1-курсунун студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер