КЫРГЫЗСТАН БУУНУН КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН ТУРУКТУУ ЭМЕС МҮЧӨЛҮГҮНӨ ТАРЫХЫЙ ЖЕҢИШ МЕНЕН ШАЙЛАНДЫ

  • 04.06.2026
  • 0

Кыргыз Республикасы эл аралык аренада чоң ийгиликке жетишип, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда өткөн бул тарыхый шайлоодо дүйнө коомчулугу өлкөбүзгө жогорку ишеним көрсөттү. Бул жеңиш Кыргызстан үчүн өзгөчө сыймык гана эмес, ошондой эле БУУга мүчө бардык мамлекеттердин алдындагы глобалдык деңгээлдеги чоң жоопкерчилик катары кабыл алынды. Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон мезгилде өлкөбүз эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга жана превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну көздөйт. Мындан тышкары, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоо, эл аралык тутумда чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүү башкы артыкчылыктардан болот.

КЫРГЫЗСТАН БУУНУН КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН ТУРУКТУУ ЭМЕС МҮЧӨЛҮГҮНӨ ТАРЫХЫЙ ЖЕҢИШ МЕНЕН ШАЙЛАНДЫ

Бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу болуп жаткан глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган маселелерди Кыргызстан эл аралык деңгээлде ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенүүдө. Өлкө жетекчилиги Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогон бардык өнөктөш мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде тынчтыкка, туруктуулукка жана көп тараптуулукту бекемдөөгө кызмат кылган жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экендигин дагы бир жолу ырастады. Ошону менен бирге, шайлоо өнөктүгүнө татыктуу катышып, БУУнун принциптерине берилгендик жана өз ара урматтоо духунда өткөн конструктивдүү атаандаштык көрсөткөндүгү үчүн Филиппин Республикасына өзгөчө ыраазычылык айтылды. Бул зор ийгилик Кыргызстандын дүйнөлүк саясаттагы аброюн арттырып, эл аралык мамилелердин жаңы барагын ачат. Дүйнө элдерине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалоо менен, өлкөбүз глобалдык туруктуулукту камсыздоого өзүнүн татыктуу салымын кошууга киришет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер