КЫРГЫЗПАТЕНТ-КУУ: МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

  • 28.02.2020
  • 0

Кыргызпатент жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин (КУУ) ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду. Документ интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө профессионалдык даярдоону, квалификацияны жогорулатууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча биргеликте ишмердикти координациялоо аркылуу интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

КЫРГЫЗПАТЕНТ-КУУ: МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Маалым болгондой, ушул күнү “Педагогикалык чеберчиликти жакшыртуу” темасында квалификацияны жогорулатуу курсун ийгиликтүү бүтүргөн Кыргызпатенттин кызматкерлерине КУУнун сертификаттары тапшырылды. Аталган курс 13-21-февраль күндөрү КУУнун кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу факультетинин окутуучулары тарабынан интеллектуалдык менчик жаатында лекция окуган Кыргызпатенттин кызматкерлери үчүн өткөрүлдү.

КЫРГЫЗПАТЕНТ-КУУ: МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

72 сааттык курстун алкагында угуучулар окутуунун актуалдуу методикалары, окутуучулук ишмердиктин этикасы жана психологиясы менен кенен таанышты. Курстун жүрүшүндө угуучулар жакшы теориялык базаны эле албастан, мугалимдердин практикалык тажырыйбасы боюнча баалуу сунуштарды алышты. Окутуу кесиптик көңүлү кайт болуу (профессиональное выгорание) синдромунун профилактикасы боюнча теориялык жана практикалык тапшырмаларды, риторика боюнча практикалык көнүгүүнү, так сүйлөөнүн ыкмаларын жана сүйлөөнүн техникасын өзүнө камтыйт.

—  Кыргызпатент Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик жана инновациялар системасын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашырат. Ведомство жогорку окуу жайлар, мамлекеттик мекемелер жана башка уюмдар үчүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү билим берүүчүлүк иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турат. Интеллектуалдык менчиктин ролу жана мааниси тууралуу маалыматтуулукту жогорулатуу, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилерин коргоонун жана сактоонун укуктук негиздерин алгылатуу максатында Кыргызпатенттин кызматкерлери лекторлук кылган, ар кандай максаттуу аудиториялар үчүн интеллектуалдык менчик боюнча адистештирилген коноктук жана кыска мөөнөттүү курстар өткөрүлүүдө, — деп белгиленген маалыматта.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер