КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК КЫЗМАТТАШТЫГЫ: БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨр

  • 30.07.2026
  • 0

Бүгүн Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга иш сарапы менен келди. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүк акыркы жылдары жаңы мазмун менен толукталып, эки мамлекеттин бардык тармактардагы кызматташуусу ырааттуу өнүгүүдө. Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди тосуп алышы эки өлкөнүн өз ара ишенимге негизделген мамилесинин дагы бир маанилүү көрүнүшү болду. Мындай жогорку деңгээлдеги жолугушуулар саясий жана экономикалык кызматташтыкты гана эмес, билим берүү, илим жана маданият тармагындагы байланыштарды дагы бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Айрыкча билим берүү багыты бүгүнкү эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Университеттер аралык өнөктөштүктү кеңейтүү, ректорлор форумдарын өткөрүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жана илимий изилдөөлөрдү колдоо аркылуу эки өлкө заман талабына жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруп жатат.

Билим берүү тармагындагы мындай кызматташтык жаштардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен чектелбестен, эки элдин достугун, өз ара түшүнүшүүсүн жана гуманитардык байланыштарын дагы чыңдайт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер