КЫРГЫЗ-ЯПОН КЫЗМАТТАШТЫГЫ
- 24.09.2024
- 0
21-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, япониялык Шинко Кейринкан компаниясынын жетекчилери Тошики Окамура жана Масаказу Сато, “Окуу китеби” басма үйүнүн өкүлдөрү Воронцовка айылындагы мектеп-интернатка барып келишти. Алар мектептин инфраструктурасы жана ишинин абалы менен жакындан таанышты.
Жолугушууда коноктор окуу жайдын имаратын, аймагын жана жатаканасын кыдырып, мектепте болуп жаткан көйгөйлөр тууралуу маалымат алышты.
Бул иш-чаранын максаты — Кыргыз Республикасынын жети аймагындагы интернаттарды өнүктүрүүгө багытталган.
Бөлүшүү
Комментарийлер