Кыргыз улуттук университетинин каражаты эки эсе өсүп, лидер сапка чыкты

  • 19.09.2024
  • 0

Редакциядан: Бул аптада Төлөбек Абдырахманов Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматынан бошотулуп, жаңы ректор дайындалды. Мурдагы ректордун эки жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө университеттин Окумуштуулар кеңешине жана Көзөмөл кеңешине берген отчетун жарыялайбыз.

Кыргыз улуттук университетинин каражаты эки эсе өсүп, лидер сапка чыкты

Урматтуу кесиптештер,

Өткөн окуу жылынын жыйынтыгын эң оболу экономикалык-каржылоо иштеринен баштасак. Себеби университеттин бардык иш-чаралары каржы маселесине барып негиздөөлөрү белгилүү. 2022-2023 окуу жылын университеттин атайын эсеп боюнча кирешесин 700 млн сом менен баштаганбыз.

Ал эми окуу жылдын аягында окуу жайдын атайын эсептик киреше бөлүгү 1 млрд 30 млн сомго жеткен. Бул көрсөткүч отчеттук жылда 1 млрд 450 млн сом болду. Башкача айтканда, КУУнун атайын эсеп боюнча кирешеси дээрлик 2 эсеге өстү.

Мунун бир эле себеби көп факторлордон турган жакшы менеджмент болду. Белгилей кетүүчү нерсе КУУнун мындай көрсөткүчү ийгиликтин башаты гана. Анткени окуу жайдын бул багыттагы потенциалы абдан көп жана биздин болжолдуу план боюнча 2027-жылга 3-3,5 млрд сом болушу каралууда.

Бул иштин реалдуу булактары менен мүмкүнчүлүктөрү бар. Алардын ичинен инвестиция, өндүрүштү пайдалануу жана билим экспортун эффективдүү пайдалануу өзгөчө мааниге ээ. Өзгөчө мааниге ээ келсе — жамааттын жакшы эмгеги.

Кирешенин арбышы менен чыгаша факторлору дагы жакшырды. Эң оболу эмгек маяналары көбөйдү. Өткөн окуу жылында эмгек маяналары октябрь, январь жана апрель айларында 3 жолу көбөйүп, бул иштерге жалпысынан 87 млн сомдон ашык каражат жумшалды. Эмгек акы төлөөнүн стимулдаштыруу жана мотивациялар факторлорун ишке ашыруу аяктап, кошумча акы диффенциалдуу негизде ишке ашырылды.

Жалпысынан профессор-окутуучулардын орточо эмгек акысы 25 миң 287 сомдон (2023-ж.) 32 миң 535 сомго (2024) көтөрүлдү жана октябрь айында дагы бир жолу эмгек маянаны көтөрүү каралып, ал үчүн болжол менен 70 миллиондон ашык каражат каралууда.

Университеттин бюджетинин кийинки чыгаша статьясы ремонт иштери болуп, бул иштерге – утурумдук ремонтко 25 млн 789 миң сом (2023-ж. 9 млн 925 миң сом), капиталдык ремонтко 29 млн 950 миң сом (2023-ж. 21 млн 902 миң сом) жумшалды. Машина жана жабдуулар алууга кеткен чыгым 9 млн 287 миңден (2023-ж.) 19 млн 174 миңге чейин өстү. Кызматкерлерге бөлүнгөн материалдык жардамдын көлөмү 1 млн 11 миңден (2023-ж.) 1 млн 427 миңге өстү. Илимий жана башка иш сапарларга бөлүнгөн каражат 4 млн 912 миңден (2023-ж.) 6 млн 572 миңге жетти.

Экономика жана каржы маселесинен кийинки маанилүү иш билим берүү болду.

Билим берүү иштериндеги маанилүү фактор билим берүү программаларын өзгөртүп конкуренцияга туруктуу, учурдагы коомдун жана рыноктун талабына жооп берген билим берүү программаларын киргизүү ишке ашырылды.

Эгер, 2022-2023-окуу жылы жаңы 22 программа киргизилсе, 2023-2024-окуу жылы 42 программа киргизилди. Билим сапатын жакшыртуу максатында университеттин 13 программасы Улуттук аккредитациядан өткөрүлдү. КУУнун эл аралык академиялык репутациясы менен рейтингин жогорулатуу, университеттин билим берүү сапатын жакшыртуу максатында 6 программаны Эл аралык аккредитациядан өткөрүп, алар Эл аралык “Мыкты сапат” сыйлыгын алды.

Бул эки көрүнүш тең КУУ тарыхында биринчи жолу болууда. Кийинки жылга 50 программа Эл аралык аккредитацияга даярдалды жана аны менен катар институционалдык
аккредитациядан өтүү пландалууда.

Университеттин окуу процессин жакшыртуу максатында отчеттук жылда 980 метр
эки окуу аянттары эксплуатацияга берилип, жалпы жонунан 441 компьютер-оргтехника алынып берилди. Мындай шарттардын негизинде окуу жайдын мүмкүнчүлүгү, аброю өсүп, ага болгон ишеним артып, акыркы эки окуу жылында көп жылдардан бери биринчи жолу абитуриенттерди кабыл алуу боюнча  Кыргызстан боюнча КУУ 1-орунду алууда. Ал эле эмес, чет өлкөлүк билим алуучулардын саны 1000ге чейин өстү.

Ошону менен, жалпысынан КУУнун студенттеринин саны 15 миң  743төн (2022-2023- окуу жылы) көбөйүп, учурда 30 миңге жетип калды.

Билим берүү сапатын жакшыртуудагы дагы бир нерсе студенттердин академиялык мобилдүүлүгүнө байланыштуу. Бул көрсөткүч дагы кескин жакшырды. Эгер, 2021-2022-окуу жылында КУУнун 133 студенти чет өлкөлөргө барып билимин өркүндөтүп келсе, 2022-2023-окуу жылында алардын саны 306. Ал эми 2023-2024-окуу жылында 333кө жетти.

Ошол эле учурда, мурда КУУга чет өлкөлүк 85 студент (2021-2022-окуу жылы) келип билим алышса, 2023-2024-окуу жылында 208 студент келип билим алышкан.

Жогорку окуу жайы болгондуктан, илимий иштерге дагы абдан жакшы мамиле кылынды. Биринчиден, илим-изилдөө иштерин өткөн окуу жылында илимди каржылоого 5 млн 653 миң сом каралды, 2022-жылы болсо бул багытта 3 млн 620 миң сом бөлүнгөн.

Ошонун ичинде, ички илимий грантка 5 млн 177,8 миң сом бөлүндү. Ж.Баласагын атындагы сыйлык өлчөмү 100 миңге жеткирилди, докторлук ишин коргогондорго 50 миң сом жана кандидаттык диссертацияларын коргогондорго бир жолку 30 миң сом стипендия чектелип, алардын илимий жетекчилерине бул стипендиялардын өлчөмүнүн 15%  чегинде сыйлык берилди.

Каражаттын көбөйгөндүгүн эске алып, быйыл докторлукка 70 миң сом, кандидатыкка 50 миң сом бир жолку стипендия каралды.

Scopus web of Science сыяктуу журналдарга илимий макалалары жарыялангандарга бир жолку 15 миң сомдон акча берилди.

Натыйжа, Scоpus Web of Science журналдарында жарыяланган илимий макалалар каралып жаткан жылдары 5 эсеге өстү жана мындан дагы өсүшү күтүлүүдө.

Муну менен катар эле бир нече чет өлкөлүк илимий гранттар алынды, бир нече эл аралык ири жана маанилүү эл аралык илимий форумдар өткөрүлдү.

Өзгөчө маани, илим менен өндүрүштү байланыштыруу максатында бир нече илимий долбоорлор иштөөдө.

Илимий изилдөөчүлүктүн маанилүү булагы болгон илимий китепкананын ишин каржылоо күчөтүлдү. Эгер, 2022-жылы китеп сатып алууга 196 миң 800 сом жумшалса, 2024-жылы 437 миң 903 сом чегерилген. Илимий газета-журналдарды жазылып алууга 2022-жылы 169 миң 632 сом бөлүнсө, 2024-ж. 480 миң 104 сом жумшалган.

QS рейтинги боюнча 2027-жылы топ 500 университеттерине кошулуу үчүн КУУнун эл аралык рейтингин жогорулатып, академиялык мобилдүүлүктү өстүрүү жана эл аралык конкуренттүүлүктү бекемдөө үчүн университеттин эл аралык иш-чараларын кескин жакшыртуу керек болду.

Өткөн окуу жылында бул багытта дагы мыкты иштер жасалып, келечекке карата мындан дагы жакшы иштер мерчемделүүдө.

Алсак, 2024-жылы эл аралык уюмдар жана ЖОЖдор менен 60 маанилүү келишимдер түзүлүп, алды иштей баштады.

Бир жылдын ичинде 260 визит менен 3 миңге жакын ар кандай деңгээлдеги өкүлдөр иш сапар менен болуп кетишти. Ири эл аралык 5 Консорциумга, ири эл аралык 4 Ассоциацияга мүчө болуп кирдик. Бул нерселер КУУнун эл аралык имиджине, академиялык рейтингинин өсүшүнө сөзсүз оң таасирин бермекчи. Дагы бир нерсе – эл аралык ири долбоорлор менен гранттар жактырылып, ишти баштаар алдында турабыз.

Айтор, КУУнун 2023-2024 окуу жылындагы кабыл алынган иш-чаралары толугу менен жана жогорку деңгээлде аткарылды.

Натыйжада, айрым эл аралык көз каранды эмес уюмдардын рейтинги боюнча КУУ жогорку бааларга татыктуу болду. Мисалы, NHR агентствосунун эл аралык Google Scholar- 2024 маалымат базасынын илимий иштердин натыйжалуулугу, таасири жана авторитетинин көрсөткүчтөрүнүн рейтинги боюнча Кыргызстан ЖОЖдорунун арасында КУУ 2-орунга чыккан. Ал эми көз каранды эмес НААР агенттигинин Кыргызстан ЖОЖдорунун арасында 2024-ж. өткөрүлгөн 15 индикатор боюнча изилдөөсүнүн натыйжасында КУУ лидер 3 ЖОЖдун катарына кирип, анын ичинде бакалаврлык багыттар боюнча 1-орунга 10 жана 2-орунга 5 программа татыктуу болушкан. Ал эми магистрлик программалар боюнча 1 орунга 5 жана 2 орунга 5 программа татыктуу болушту.

Мындай рейтингдерге катышуу жана жакшы бааларга ээ болуу келечектеги QS рейтингине татыктуу катышууга даярдануу үчүн абдан пайдалуу болмокчу.

КУУнун ремонтко чейинки жана ремонттон кийинки абалы:

 

Бөлүшүү

Комментарийлер