«КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ»

  • 21.12.2023
  • 0

Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган илимий-практикалык конференция Ош облусундагы кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуу сапатын жакшыртуу, алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдерди аныктоо, тажрыйбаларын жайылтуу, чыгармачылык аянтча түзүүнү максат кылуу менен бирге, "Мыкты илимий макала", "Мыкты сабак", "Мыкты класстан тышкаркы иш-чара", "Мыкты мастер-класс" багыттарында жүргүзүлгөн.

«КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ»

Ош облусунун аймагынан конференцияга жүздөгөн эмгектер келип түшүп, алардын ичинен уюштуруу тобу мыкты деп аныктаган 39 эмгектин автору ал иш-чарада өз тажрыйбаларын кесиптештери менен бөлүшүп, алардын сунуш-пикирлерин укту.

«КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ»

Конференцияда КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын түштүк бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Телекманова катышуучуларга жылуу каалоо-тилектерин айтып, айрым тил мыйзамындагы өзгөртүүлөр боюнча маалымат берди. Ошондой эле тилди өнүктүрүүдө мугалимдер арасында мыкты иш-чараларды өткөрүп келе жаткандыгы үчүн Ош билим берүү институтунун директору Гульмира Турдубаевага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын Ардак грамотасын тапшырды.

«КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ»

 

Жыйынтыгында мыкты илимий эмгектери менен айырмаланган мугалимдер Ош билим берүү институтунун грамоталары менен сыйланып, Ыраазычылык каттарын алышты. Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев да мугалимдерге өзүнүн каалоо-тилектерин айтып, өз ишинин алдыңкыларына грамоталарды тапшырды.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер