КЫРГЫЗ ТИЛИ БОЮНЧА КЛАССТАН КЛАССКА КӨЧҮРҮҮ ЭКЗАМЕНДЕРИ БАШТАЛДЫ

  • 13.05.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги буйругуна ылайык, 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарында 5–8 жана 10-класстардын окуучулары үчүн кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки түрүндөгү класстан класска көчүрүү экзамендери өткөрүлүп жатат. Бул экзамендер менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан республиканын бардык мектептеринде милдеттүү негизде уюштурулат.

Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин маалыматына таянсак,  көчүрүү экзамендеринин негизги максаты — окуучулардын кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо, мамлекеттик тилди өздөштүрүү сапатына баа берүү жана билим берүү уюмдарында окутуунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү. Ошондой эле алынган жыйынтыктар билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча мындан аркы чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзөт.

Экзамендер бекитилген график боюнча өткөрүлөт:

— 5-класстар — 12-13-май;

— 6-класстар — 14-15-май;

— 7-класстар — 18-19-май;

— 8-класстар — 20-21-май;

— 10-класстар — 25-26-май.

Бардык экзамендер саат 09:00дө башталат. Экзамендик тапшырмалар Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан даярдалып, экзамен өтүүчү күнү эртең мененки саат 07:00дө drko.kg расмий сайтына жайгаштырылат.

Жобого ылайык, экзамендерди уюштуруу жана өткөрүүдө билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары, мектеп жетекчилери жана предметтик комиссия жоопкерчилик алышат. Окуучулар үчүн санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген шарттар түзүлүп, өткөрүү тартибинин ачыктыгы жана объективдүүлүгү камсыздалат.

Белгилей кетсек, көчүрүү экзамендеринин жыйынтыгы окуучуларды кийинки класска көчүрүүгө түздөн-түз таасир этпейт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер