КЫРГЫЗ ТИЛЧИЛЕРДИН ЖАНА КИТЕПКАНАЧЫЛАРДЫН ФОРУМУ

  • 14.11.2022
  • 0

КЫРГЫЗ ТИЛЧИЛЕРДИН ЖАНА КИТЕПКАНАЧЫЛАРДЫН ФОРУМУ

15-ноябрда Бишкек шаарында кыргыз тили мугалимдеринин жана мектеп китепканачыларынын форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

КР Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган “Кыргыз тилин бирге өнүктүрөлү” деген аталыштагы кыргыз тилчи мугалимдердин жана мектеп китепканачылардын форуму жаштар арасында кыргыз тилин жайылтуу, кыргыз тили мугалимдеринин жана мектеп китепканачыларынын билим берүү программаларынын алкагында эне тил байлыгын, маанисин урпактарга жеткирүү максатын көздөйт.

Бул форум мектеп китепканаларын модернизациялоого арналган бир катар пландаштырылган илимий-методикалык иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат. Ага республикабыздын бардык аймактарынан 200дөн ашык агартуучулар, китепкана тармагында эмгектенгендер жана кыргыз тилчилер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Форумдун жүрүшүндө китепкана жана тил жаатында спикерлер кызыктуу баяндама жасайт, анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынмакчы.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер