КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ ТАСМАДА: «БАРСБЕК КАГАН» КӨРКӨМ ТАСМАСЫ ЖАРЫК КӨРҮҮ АЛДЫНДА

  • 07.08.2026
  • 0

«Каганат» коомдук кайрымдуулук фонду кыргыз элинин тарыхына арналган «Барсбек Каган» тарыхый көркөм тасмасын жакын арада көрүүчүлөргө сунуштайт. Бул тасма «Каганат» аттуу масштабдуу киноэпопеянын алгачкы бөлүгү болуп саналат. Киноэпопея беш толук метраждуу көркөм тасмадан туруп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын, улуттук баалуулуктарды жана элибиздин тарыхый-маданий мурасын кеңири чагылдырууну көздөйт.  КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ ТАСМАДА: «БАРСБЕК КАГАН» КӨРКӨМ ТАСМАСЫ ЖАРЫК КӨРҮҮ АЛДЫНДА«Барсбек Каган» тасмасы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү маанилүү доорлордун бирин көркөм баяндайт. Долбоор Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдалып, тасма 2026-жылдын 19-сентябрынан тартып өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт. КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ ТАСМАДА: «БАРСБЕК КАГАН» КӨРКӨМ ТАСМАСЫ ЖАРЫК КӨРҮҮ АЛДЫНДАТасманы жаратууда заманбап кинематографиялык чечимдер жана жасалма интеллект (AI) технологиялары колдонулуп, тарыхый окуяларды экранда жогорку көркөм деңгээлде чагылдырууга өзгөчө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Долбоорду ишке ашырууга Кыргыз улуттук «Манас» театры да чыгармачылык салым кошкон. Киноэпопеянын кийинки бөлүктөрү этап-этабы менен жарык көрүп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн даңазалуу тарыхын баяндоону улантат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер