КЫРГЫЗ-ТҮРК ИЛИМПОЗДОРУНУН КЫЗМАТТАШТЫГЫ БЕКЕМДЕЙТ

  • 15.01.2018
  • 0

11-январда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев жана Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун директору Нур Саралаев Түркиянын кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин (TIKA) Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу академиянын маалыматтык бөлүмү кабарларды.

Жолугушуунун максаты – эки тараптуу кызматташуу, долбоорлор менен иштешүү, биргелешип эки өлкөнүн илимин колдоо боюнча сүйлөшүү болду. Иш-чарада ТИКА агенттигинин өкүлдөрү аталган институттарды кыдырып, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар бөлүмүндөгү адабий жана маданий мурастар менен таанышып чыгышты.

“Бул жерде кыргыз жана түрк элинин тил-адабияты, философиясы жөнүндө пикирлер айтылды. Экинчиси, ТИКА уюму кол жазмалар бөлүмүндөгү сакталып калган эски ленталарды CD дискке көчүрүп берүүнү колго ала турган болушту. Үчүнчүсү болсо, эки институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоого, ремонт иштерине жардам көрсөтөөрүн билдиришти”, — дейт аталган институттун директору, академик Абдылдажан Акматалиев.

Жолугушууда ТИКА агенттигинин Кыргызстандагы координатору Али Муслу агенттиктин буга чейин дагы Илимдер академиясы менен иштешип келгендигин жана мындан ары дагы жардам берип, долбоорлор аркылуу иштешүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Ал эми Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун директору Нур Саралаев келген коноктор менен материалдык көмөктөшүүдөн сырткары, эки мамлекеттин философторунун ортосунда буга чейин байланыш болбогондуктан, биргелешип иштешпегендигин, эми мындан ары эки өлкөнүн илимпоздорунун ортосунда тажрыйба алмашуу маселесин пландаштыруу иштери жөнгө салына тургандыгын баса белгиледи.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер