КЫРГЫЗ СОМУНА 30 ЖЫЛ

  • 18.04.2023
  • 0

ОшТУда Кыргыз Республикасынын акча бирдиги – сомдун кабыл алгандыгына арналган иш-чаралар өтүүдө.

Университеттин маалымат катчысы Асылзат Эргешованын айтымында, ага айрыкча экономика жана башкаруу факультетинин экономика жана финансы  кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери активдүү катышып жатат. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы менен студенттери эң алгач кыргыз сомунун 30 жылдык мааракесине карата шаар тургундарынан кыргыз валютасына арналган сурамжылоо жүргүзүп чыгышкан. Бул иш-чаранын негизги максаты — кыргыз сомунун кадыр-баркын жогорулатуу, жаштарды улуттук өзгөчөлүктөрдү баалоого үндөө, өз элинин тарыхын билүү менен өз элинин патриоту болууга чакыруу болуп эсептелет.  КЫРГЫЗ СОМУНА 30 ЖЫЛ

Улуттук валютанын бардык банкноттору жана монеталары Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана кайсы жылы чыгарылгандыгына карабастан, төлөм каражаты катары төлөөгө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин, 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер