КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА КОРОНАВИРУС МЕНЕН ООРУГАНДАР ЖОК

  • 06.02.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отуруму өттү.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, 2020-жылдын 6-февралына карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус менен ооругандар жок, республикада эпидемиологиялык абал туруктуу.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү социалдык тармактарда жайылтылган Баткен облустук ооруканасына коронавируска чалдыкты деп шектелген эки жаран келип түшкөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти.

Жыйында белгиленгендей, бул жарандар Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан транзит аркылуу Тажикстан Республикасы аркылуу келишкен. Санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген аракеттердин алгортмине ылайык жарандарды саламаттык сактоо уюмдарына алып келишип медициналык кароодон өткөрүштү. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Бул санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери нускамаларды сактап, өз милдеттерин так аткарат дегенди билдирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 6-февралга карата 154 адам стационардык кароодо, 260 адам жашаган жери боюнча медициналык байкоодо турат. Бардыгынын ден соолугу туруктуу.

Улуттук вирусологиялык лаборатория изилдөөлөрдү өткөрүүгө даярдалган, ал эл аралык стандарттарга дал келет, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине буга чейин Россиядан коронавирусту аныктоочу тест-системалар алынып келген. Байкоодогу жактардын баары жогоруда көрсөтүлгөн тест-системаны колдонуу менен кошумча текшерүүдөн өтүшкөн, бардыгында вирус аныкталган эмес.

Жыйында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынганы айтылды. Карантиндик аймактар жарандарды кабыл алууга даяр, зарыл болгон бардык керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалган. Бет каптар, жеке коргоочу каражаттар, респираторлор жетиштүү деңгээлде.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө.

Кытай Эл Республикасынан келген жарандарда сасык тумоонун жана курч респиратордук жугуштуу инфекцияларга мүнөздүү белгилер болсо текшерилип, медициналык кароо жүргүзө турган жана тиешелүү дарылануудан өтө турган медициналык жайлардагы атайын палаталарга жаткырылууда.

Ал тургай үчүнчү өлкөлөрдөн келгендер дагы  термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө. Жарандар медициналык кароо маалында аныктама даяр болгончо карантиндик аймакка жайгаштырылууда. Аныктоо үчүн өлкөдө бардык зарыл шарттар бар. Лабораториялар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аккредитациясынан өткөн, адистер окутулган.

Мындан тышкары жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  тарабынан 280 орун даярдалган: «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, «Иркештам» — 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 50, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер