КЫРГЫЗ-ОРУС БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ

  • 14.10.2024
  • 0

Бүгүн Бишкекте  эки күндүк кыргыз-орус билим берүү форуму башталууда. Анда Россиянын жогорку окуу жайларынын азыркы учурдагы жетишкендиктерин көрсөткөн талкуулар жана мастер-класстар болот.

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын университеттеринин жетекчилери, окумуштуулар ЖОЖдордун жана экономиканын реалдуу секторунун өз ара аракеттешүүсүн, жаңы технологияларды киргизүүнү, жаштар ишкердигин илгерилетүүнү талкуулашат.

Форумда өзгөчө көңүл академиялык мобилдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрүнө, тармактык программаларды өнүктүрүүгө, агрардык жана медициналык ЖОЖдордун орус-кыргыз консорциумдарынын келечегине бурулат. ЖОЖдор ортосунда кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюу пландаштырылууда.

Кыргыз улуттук университетинде өтө турган Россиянын жогорку билим берүү көргөзмөсүндө билим берүү программалары, адистикти тандоо тууралуу маалымат алууга болот. Россия кызматташтыгы ЖОЖдорго квота боюнча тапшыруу тууралуу кеңештерди берет.

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россия Өкмөтү 2025-жылга карата 700 орун квота бөлдү.

Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Россия кызматташтыгы” федералдык агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен уюштурулган.

Форумдун программасы — https://uchebarf.kg сайтында.

Бөлүшүү

Комментарийлер