Кыргыз окуучулары BOI 2025те 2 алтын, 2 коло медаль жеңди
- 01.10.2025
- 0
Кыргызстандык Окуучулар Балкан Олимпиадасынан 2 алтын, 2 коло медаль менен кайтып келди.
Кыргызстандын командасы 2025-жылдын 25-сентябрынан 1-октябрына чейин Италиянын Удине шаарында өткөн XXXII Балкан информатика олимпиадасынан (BOI 2025) тарыхый жеңиш менен кайтты. 16 өлкөдөн келген жетимиштен ашуун мыкты окуучу катышкан бул эл аралык мелдеште кыргызстандык жаш программисттер 2 алтын жана 2 коло медаль жеңип, жалпы командалык эсепте экинчи орунду камсыз кылышты.

Медаль ээлери
Алтын-Алихан Айдарбеков – Сейтек STEM мектеби, 12-класс. Тренери: Кылычбек Урайымов;
Алтын -Ян Бобрус – Газпром Кыргызстан мектеби, 10-класс. Тренери: Медербек Осмонов;
Коло- Нурислам Карыпжанов – Ч. Айтматов атындагы Сапат лицейи, 11-класс. Тренери: Кылычбек Урайымов;
Коло- Рамазан Мананов – Сейтек STEM мектеби, 10-класс. Тренери: Кылычбек Урайымов.
Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстан экинчи орунду ээледи. Биринчи орунду Румыния (2 алтын, 2 күмүш медаль) багындырды.
Алихан Айдарбеков өзгөчө айырмаланып, жеке жыйынтыкта олимпиаданын эң күчтүү үчтүгүнө кирип, кыргызстандык окуучулардын потенциалы дүйнөлүк деңгээлде экенин дагы бир ирет далилдеди.
Бул көрсөткүч – Кыргызстандын Балкан олимпиадасындагы эң жогорку жыйынтыгы болду. Эскерте кетсек, 2023-жылы Кыргызстан бир гана коло медаль менен чектелген болчу.
Адистер бул ийгиликти өлкөдөгү STEM багытындагы билим берүүнүн сапаты жогорулап жатканынан кабар берет дешүүдө. Ал эми мугалимдер менен машыктыруучулардын эмгеги жана окуучулардын талыкпаган аракети мындай жетишкендиктердин башкы ачкычы болууда.
(БК)
Комментарийлер