Кыргыз мушкерлеринин Испаниядагы жеңиши

  • 05.02.2024
  • 0

Кыргыз мушкерлеринин Испаниядагы жеңиши

Кыргызстандык бокс чеберлери Испанияда өткөн эл аралык турнирде 3 медаль утуп, олжолуу келишти.

Boхam турнири Ла Нусия шаарында 30-январдан 4-февралга чейин курч мүнөздө өттү.

Кыргызстандын курама командасынын курамындагы 11 спортчу өлкө намысын коргоп , анын үчөө жеңиштин бийик сересине көтөрүлө алды.

60 килограммга чейинки салмак ченинде Мунарбек Сейитбек уулу 4 беттешүүдө жеңишке жетип, турнирдин жеңүүчүсү аталып, алтын медаль тагынды.

Сейитбек уулу турнирдеги күч сынашууларды 1/8 финалдан баштаган. Ал Швейцария, Индия, Шотландиянын спортчуларын 3 жолу катары менен жеңип, финалга чыкты.

Чечүүчү финалдык беттеште анын атаандашы Малинин өкүлү Абдул-Карим Басили болду. Ар бири 3 мүнөттөн үч раунддун жыйынтыгында калыстар экиге бөлүнгөн чечим менен жеңишти кыргызстандык спортчуга ыйгарышты.

Ош мамлекеттик университетинин студенти Мунарбек Сейитбек уулу  былтыр Өзбекстанда өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль уткан Кыргыз боксунун тарыхында алгачкы мушкер болуп саналат.

Ал эми Өмүрбек Бекжигит уулу 86 кг салмакта 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болду.

Сагын Сатыбалды уулу (80 кг чейин) үчүнчү орунду ээлеп, коло медалдын ээси болду.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы

Бөлүшүү

Комментарийлер