КЫРГЫЗ-КОРЕЯ БИЛИМ БЕРҮҮ БАЙЛАНЫШТАРЫ: ЖОЖДОР АРАЛЫК ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 22.07.2026
  • 0

Жогорку Кеңештин депутаттары Жылдыз Эгенбердиева менен Айгуль Ахмедова Корея Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк университеттердин лидерлер форумуна катышты.

Иш сапардын жүрүшүндө эл өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова менен элчиликтин жаңы имаратында жолугушуу өткөрүштү.КЫРГЫЗ-КОРЕЯ БИЛИМ БЕРҮҮ БАЙЛАНЫШТАРЫ: ЖОЖДОР АРАЛЫК ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫЖолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары кеңири талкууланды. Атап айтканда, жаштар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жогорку окуу жайларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана стажировка программаларын көбөйтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар билим берүү, саламаттык сактоо жана эмгек миграциясы багыттарындагы өз ара кызматташтыкты чыңдоо эки өлкө үчүн тең маанилүү экенин белгилешти.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер