КЫРГЫЗ КООМУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

  • 02.03.2018
  • 0

КЫРГЫЗ КООМУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

 

Өткөн жылы америкалык атактуу журналист, Пулитцер сыйлыгынын эки жолку лауреаты Пол Салопек Интерньюстун чакыруусу менен Кыргызстанга келип, жергиликтүү калемгерлер үчүн сторителлинг боюнча өтө пайдалуу тренинг өткөргөн. Ошондо Пол Салопек менин «Кыргыз коомунун көйгөйлөрү» аттуу макаламды жактырып, тез арада коомчулукка жеткирүүмдү өтүнгөн болчу.

Кыргызчылык жердешчиликтен башталабы?

90-чу жылдары мен Бишкектин айтылуу Төкөлдөшүндө жашап калдым. Көчөбүздө 29 үй-бүлө жашайт. Баары кыргыздар. Бирок… алардын арасынан үч-төрт үй-бүлөнүн ынтымагы өзгөчө бекем болчу. Жаңы көчүп барганда көп түшүнө бербей,  «бир туугандар го» деп жүрдүм. Бири-биринин үйүнөн чыкпайт. Ушунчалык жакын. Той болобу, башка болобу, биринчи болуп келип, акыркы болуп кетишет. Ошол ынтымактуу үй-бүлөлөрдүн бири жекшемби сайын мончо жакчу. Жумушка, окууга барчулардын баары таң эрте барып, мончого кезмекке жазылабыз. Ал эми тигилерде андай көйгөй жок. Кайсыл убакта келсе да, кезексиз мончого түшөт. Биз акча төлөйбүз, алар бекер түшөт. Кийин билип жүрөм, булардын ынтымагынын төркүнү –  үй-бүлө кожоюндарынын келинчектери бир жерлик экен… Балким мен бул окуяны унутар белем, ким билсин, бирок кийинкиси кайталанып, эбак өткөндү эсиме түшүрдү. Мурдагы жылы жумуш боюнча борбордун бир жаңы конушунан бизге офис керек болуп калды. Таап берем деген эже менен үч күн көңүлгө толоорлук жайлуу жер издеп убара тарттык.  Кандай гана үйлөргө барбадык, бири да ылайыктуу эмес. Үчүнчү күнү чарчап-чаалыгап келе жатып, айылдын борбордук бөлүгүнөн көзгө толумдуу офисти көрдүк . Күндө эле ушул жерден өтчүбүз. Эже «Болбойт! Булар жарабайт! Ичкен немелер!» деп ар кайсыны айтып кете берчү. Көрсө бизге жардамчы болгон эже Токтогулдан экен. Бизди жалаң токтогулдуктардын үйүнө алып барып жүрүптүр! Өзүбүз тапкан офиске киргенибизде, планы ишке ашпай калганына кейидиби, айтор аябай ачуусу келген… Жогорудагы эки окуя бир караганда адамдардын ортосундагы жакындыкты, ынтымакты көрсөткөндөй туюлат. Бирок… мындай  ашкере жердешчил мамилелер коомубузда улам бекемделе берсе,акыр-аягы кандай болот?  Жердешчилик окууга кирүүдө, жакшы жумушка орношууда, депутатты шайлоодо, сотто бирөөнүн тагдырын чечүүдө, сыйлык берүүдө кайталансачы?..Кесепети эртеңки жашообузду караңгы кылбайбы? Ойлоно жүрөлү…

«Мыктылар» чын эле мыктыбы?

О илгери союз кезинде Азербайжандан өзүнүн өлкөсүнөн тышкары жерге аты белгисиз композитор Радж Капурга кат жазган экен.  Каттын эң эле көп бөлүгүн анын алган наамдары, сыйлыктары ээлейт. Эми ошол катка таланттуу режиссер, чебер актер эмне деп жооп бериптир дебейсизби? Маселенин кызыгы ушунда.

Радж Капур өзүнүн жооп катында азербайжандык «атактуу композитордун» бүт сыйлыктарын санап келип, аягында «Кечиресиз, мен Сизди билбейт экем» деп бүтүрөт… Ушул окуяны  мен сыйлык оорусу менен ооруган мекендештерим билер бекен деп жазып жатам. Бир жагы андайларды бир беткей күнөөлөгөнгө да болбойт. Анткени учурда бизде сыйлык берем дегендер көбөйдү.   Сизге жалган атакты тартуулаган утурумдук сыйлык тийсе, уюштуруучулардын чөнтөгүнө  акча түшөт. Ал эми номинанттар кимдер дебейсизби?  Бир даары баягы азербайжандык композитордон ашып түшпөгөн, бир да  олуттуу илимий ачылыш ача элек, жакшы чыгарма жарата элек ортазар немелер же илгерки ийгилиги менен оокат кылып келаткандар. Арасында бийлигинен, байлыгынан , ашкере мамилечилдигинен пайдалангандар да жок эмес… Мындай жалган атактын кимге кереги бар? Сыйлыкка эмес, чыгармачыл ысымды курганга иштесек. ..

КЫРГЫЗ КООМУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

 

Ата-бабаларыбыз бизден акылдуу болушканбы?

Президент Атамбаев бир жигиттин «Түкүрбө!» деген чакырыгына акчалай кол кабыш кылганы эсибизде. Бирок… кыргыздар ушу күндөрү да, мурда кандай болсо, ошондой калыпта, эч ойлонбой, туш келди түкүрүп жатышат. Автобустарда, коомдук жайларда тартипке чакырган эскертүүнү көрсө да, көрбөгөндөй … Ушундай чекилигибизди байкап, Америкага барып келгенден кийин кандай кыйналганымды айта кетейин.  Алдын тааныштарыма, туугандарыма «Антпегиле!» , «Мындай кылганыбыз туура эмес. Жерге түкүргөнүбүз Ата Мекенди сыйлабаган менен барабар» дей берчүмүн. Акыры алар мени жеңишти… Кийин жанагы чакырыкты көргөндө, мендеги үмүттүн шооласы кайра жанды окшойт. Бир жагы журт башчыбыз колдоп жатса, кантип ишенбейсиң?Тилекке каршы, демилгенин аягы биз күткөндөй болбоду. Түкүргөндөр дале түкүрүп жатышат. «Кой деген кожо жок»! Же,  бейчекилерди жоопко тарткан мыйзам жок! Ушундан улам ойлодум. Ата-бабаларыбыздын «Ичкен сууңа түкүрбө!», «Туулган жердин топурагы алтын» деген акыл-насаатын укпайлыбы? .. Ошону жашоо эрежебизге айландырууга мезгил жетти окшойт…

Мектебибиз, дегеле коомубуз качан гумандуу болот?

Кечээ жакында Интернеттен бир мектепте завуч менен мугалимдин мушташканын окуп алып, окуучулук кезде башталгыч аскердик даярдыктан сабак берген агайдын айтканын эстеп кеттим. Классташтарыбыздын бири бир күнү агайдан мектеп директору менен мугалимдердин айырмасын сурап калды. Политехникалык институтту бүтүргөн шашма агайыбыз ошондо «Директор деген бул мектептеги номер биринчи мугалим. Ал башка мугалимдерге сабак берүү жагынан гана эмес, сабырдуулукту, токтоолукту көрсөтүү жагынан үлгү болушу керек», — деп жооп берген.  Ойлосом, эң туура айтыптыр. Арадан канча жыл өткөнү менен азыркы жашообузда деле сабырдуулук, токтоолук жагынан өксүп жаткандайбыз. Коомдук транспортто болсун, көчөдө болсун, бири-бирине жол бергендер, кечиримдүү болгондор аз. Жумушта даражасына эмес, жашына карап мамиле тутуу унутулуп баратат.  Илгери бир советтик жоокердин эскерүүсүн окуп калгам. Жеңиштин келгенине кубанган жоокер жолдошу экөө үйгө белек-бекчек алганы бир дүкөнгө баш багышат. Улгайган немец, жубайына шляпа тандап берет. Ыраазы болгон жоокер анын аты-жөнүн сураса, ал киши Германиянын мурунку падышасы экен. Көрбөйсүзбү, эмне деген жөнөкөйлүк! Биз ушундан үлгү алышыбыз керек. Бардык адамдар сый-урматка татыктуу экенин түшүнбөй туруп, коомубузду, мектебибизди гумандаштыра албайбыз. «Эгер кимдир бирөө сенин жан дүйнөңө бүлүк салып жатса, андан өткөн кулчулук жок», -дейт бул туурасында индиялык ойчул жана мистик Садгуру.

Ата-эне мээримине муктаж балдардын  тагдырын ким ойлойт?

Капитализм келгени кыргыз коомунда да жарака кетти. Оомал-төкмөл заманда «Балам бактым, балам базарым» деп ырдаган элибиз  бүгүн кулак угуп, көз көрбөгөн  жактарга  жумуш издеп,  балдарын эч ойлонбой таштап кетүүдө. Эки-үч жылдай илгери сегиз жашында таенесинин карамагында калган балдардын бири Кореядан туулган күнүнө апапак машинелүү болду. Буга сүйүнөйүн десең, он жыл ата-эне мээримин көрбөй өскөн жигиттин тагдырына кейип кетесин. Чындыгында анын ата-эне мээримине бөксө дүйнөсүн ким толтурат? Бирөөгө кам көрүүнү, боор тартууну, улуу педагог Януш Корчак айткандай, ага  татыктуу ата-эне болууну ким үйрөтөт? Бул албетте олуттуу маселе. Америкалык окумуштуулар мээрим көрбөй өскөн балдар келечекте  кандай аномалияга учурарын эбак изилдешиптир. А бизде ушуга маани бербей келебиз.  Түштүк тарапта жүрүп.  бирге окуган курсташыма барып калдым. «Элүү, алтымыштагылар ушинтип бала бакча болуп калдык. Ишенбесең карап көр. Ар бир короодо беш-алтыдан бала бар», -деди учурашып жатып, көптөн бери байланышпай калган курсташым. Чай ичип олтуруп, сегиз айлык небересин байкадым. Баса элек баланын кайгысы тоодой  экени көзүнөн көрүнүп турду. Сурасам: «Кызымдын кызы. Апасы Россияга иштегени кеткен. Көптөн бери чырдап, сүт ичпей жатат», -деп жооп кайтарды. «Кызың алтын таппаса, таппасын. Баланы оорутуп аласыңар. Малдын сүтү болор беле? Буга эненин сүтү керек. Эне сүтү эч нерсеге алмашкыс!», — дедим. Көп өтпөй курсташым телефон чалып, кызын Москвадан чакыртканын, небересинин көңүлү дароо ачылганын айтып кубанычын жашырбады. А мен кичинекей наристеге жардам бергениме жетине албай турдум. Бирок мындай балдардын саны көп экенин ойлоп, кейип кеттим… Чын эле ата-эне мээримине муктаж балдардын тагдырын ким ойлойт?  Ким аларга жардам берет?…

Ушуну көңүлгө түйө жүрсөк…

А.Алибеков, АККЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ,Түндүк Каролина, 2010)

Бөлүшүү

Комментарийлер