Кыргыз күрүчү I Бүткүл дүйнөлүк конгрессте
- 15.04.2025
- 0
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессору, айыл чарба илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Эльтар Смаилов Нидерланды (Голландия) мамлекетинде өткөрүлгөн «Наука о растениях и биология растений» аттуу I Бүткүл дүйнөлүк конгрессге катышып, кыргыз күрүчүнүн кыртышынын минералдык курамы, сапаттык мүнөздөмөлөрү, макро жана микроэлементтери, адамга пайдалуу болгон аминокислоталардын курамы туурасында илимий баяндама жасады.

Профессор Э.А.Смаиловдун кыргыз күрүчүн сапатын жогорулатуу багыты боюнча жасалган илимий иштери эки патент менен тастыкталган. Бул изилдөөлөрү немец окумуштуулары менен биргеликте аткарылды, жыйынтыгында Кыргызстанда өскөн күрүчтөрдүн адамдын организмине пайдалуулугу боюнча макро жана микро элементтери жана аминокислоталар боюнча башка жакта өскөн күрүчтөрдөн 5-7% жогорулугу аныкталды.

Голландия өткөн бул иш-чарага Scopus жана Web of Science базаларында абройлуу деп табылган илимий эмгектердин авторлору Америка, Австралия, Азия, Африка жана Европадан топтолуп, илимдеги жетишкендиктерин талкуулашты.
Бөлүшүү
Комментарийлер