КЫРГЫЗ ЭЛИ ОРДУ ТОЛГУС ЧОҢ ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ

  • 22.06.2020
  • 0

Кыргыз эли  орду толгус чоң жоготууга учурады. Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, милициянын генерал-лейтенанты болот шер 61 жашында мезгилсиз дүйнө салды.

Болот Шер 1959-жылы Талас облусунун Манас районунун Пушкин айылында туулган. Өзүнүн эмгек жолун Москвада Кесиптик техникалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин 1977-1982-жылдары курулуш, машина куруу ишканаларында иштөөдөн баштаган.

1988-жылы Фрунзедеги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын милиция орто мектебин бүтүргөндөн кийин 1991-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.

1991-жылы жеке фирманын жетекчиси, 1994-жылы Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылдык кенешинин депутаты болгон.

1998-2000-жылдары Кыргызстандын Көк-Бөрү федерациясынын президенттигине шайланып, улуттук көк-бөрү оюнун эл аралык деңгээлге көтөрүп, кыргыз духунун асыл мурасына айлантууга бүткүл күч аракетин жумшап, өзгөчө салым кошту. Болот Шер табиятынан мекенчил, эли-жерин ыйык туткан инсандарыбыздын бири. Ал улуттук каада-салтты кеңири жайылтууга, ал аркылуу элибиздин көөнөрбөс духун бийик көтөрүүгө айтарлык салым кошту.

2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, 2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү чакырылышынын депутаты, төраганын орун басары жооптуу кызматын аткарды. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бешинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланды. Жогорку Кеңештин бир канча чакырылышынын депутаты катары дайыма орчундуу маселелерди көтөрүп, элдин көйгөйүн акыйкат, тайманбай айтып чыкты.

2010-жылы Апрель элдик революциясынан кийин, Кыргыз Республикасынын убактылуу Өкмөтүнүн мүчөсү,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин милдетин аткаруучусу болуп, жооптуу милдетти аткарды.

Болот Шер өмүрү жана басып өткөн эмгек жолу — принципиалдуулуктун, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөндүктүн үлгүсү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, демократиялык баалуулуктардын, улуттук оюндардын жайылышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын  тарыхында калат.

Болот Эсентаевичтин жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат. Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С. Ш., Отунбаева Р.И., Жумабеков Д. А., Боронов К.А., Бакиров М.И., Касымалиева А.К., Баатырбеков А.Б., Асрандиев Э.Ш., Исмаилова А.Ж., Мадумаров А.К., Омуркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Исаев К.К., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Мамашова А.Т., Эсеналиев Д. А., Сагынбаев Д. К.,  Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Аскаров З.М., Опумбаев О.Н., Тердикбаев Э.Дж.,  Алымкулов А.Т., Эркебаев А.Э., Тургуналиев Т.Т., Исаков И.И., Каптагаев Э.С., Дүйшебаев К.Д., Бекназаров А.А., Текебаев Ө.Ч., Сариев Т.А., Ибраимова Э.С., Чотонов Д. Ч., Бөрүбаев А.А., Жайнаков А.Ж., Өмүрканов А.Ө., Шадыбеков Д. К., Нарбеков О.Н., Мураталиев М.М., Дуйшебаев Б.Б., ж. б.

Болот Шердин сөөгү 2020-жылдын 23-июнунда, саат 11:00дө Талас облусунун Манас районунун Чон-Капка айылында коюлат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер