Кыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору Советбек БАЙГАЗИЕВ: “УЛУТУБУЗДУН ПОЕЗДИ ПРОГРЕССТИ КАРАЙ БАРАТАТ”
- 30.07.2026
- 0

Кыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору Советбек БАЙГАЗИЕВ:
“УЛУТУБУЗДУН ПОЕЗДИ ПРОГРЕССТИ КАРАЙ БАРАТАТ”
-Советбек Орозканович, коомдук чоң, чоң маселелерди, көйгөйлөрдү, көтөрүп, жазып, жүргөн публицист катары, өзүңүзгө бир эки суроо менен кайрылалы дедик. Бүгүнкү күндөгү супердержава менен кичинекей мамлекеттин достугуна, экономикалык тыгыз кызматташтыгына, коюн-колтук алышкан алака-катышына кандай карайсыз?
-Калк аралык достук, соода-сатык байланыштары, экономикалык кызматташтык эл-журтка илгертен пайда, жакшылык гана алып келген. Бүгүнкү заман активдүү коммуникациянын заманы. Жер үстүндө өлкөлөр, региондор, континенттер экономикалык жактан чырмалышып жатат. Чоң державалардын өнүккөн экономикасы менен байланышса, жаңыдан өнүгүп жаткан кичинекей мамлекет албетте утат. Достук, экономикалык байланыштар гуманисттик принциптерге, эл аралык мыйзамдарга, укукка, юридикалык номаларга ылайык жүргүзүлсө, бул өнүгүүгө гана өбөлгө.
-Ушул аспектиден караганда кыргыз-кытай кыматтташтыгына көз карашыңыз кандай? Кытайлар Кыргызстанды басып кетти деп “беш өрдөктү учургандар” бар.
-Эгемендүү болгондон бери Кытай мамлекетинин жакшылыгын эле көрүп келе жатабыз. Кыйын-кезең учурларда кытайдын товарларынын убайын көрдүк. Кытайдын канчалаган гуманитардык жардамын алдык. Кытай мамлекети биздин экономикабыздын көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип жатат. Кээ бирөөлөрдүн жергебизде кытайлар көбөйүп, кооптуулукту жаратып жатат деп айтып, жазып жатканына күбө болуп жатабыз. Мындай дегендерге Өкүмөт кытайларга байланышкан маселелер толук мамлекеттин көзөмөлүндө, кытайлар өз ара келишимдердин негизинде келип иштеп жатышат, мөөнөтү бүткөндө алар өлкөсүнө кайтып кетишет деп түшүндүрүп жатат. Эгер маселе мамлекеттик органдардын тыкыр көзөмөлүндө турса, анда мисалы, мен буга ишенем. Бардыгын тикийип көзөмөлдөш керек, мамлекет ошол үчүн мамлекет да. Миграция маселесинде стихияга жол берилбеши керек. Ал эми кытай басып баратат дегендер өз алдыларынча мониторинг социологиялык изилдөө жүргүзүп, статистикага таянып, так маалыматтар менен өз ойлорун далилдүү айтышса болбойбу. Минтпестен жалпы сөз менен айтканда, калайыкты дүрбөткөн кургак бака-шака болуп калып жатат. Минте берсек жакшы коңшулук мамилелерге шек келтирип алабыз. Ошентсе да айтып коюшубуз керек, миллиардтаган калкы бар супердержава менен алака-катыш жасоодо кичинекей мамлекет дистанцияны карманышы абзел. Туура, кичинекей мамлекет өнүккөн державалардын көмөгүн алып, гүлдөп-өнүгүшү керек. Бирок ал киттин оозуна жутулуп кеткен балыктын тагдырын кайталабашы зарыл. Чоң өлкөбү, кичине өлкөбү достук кызматташуу процессинде бири биринин укугун, суверендүүлүгүн урматтап сыйлоого тийиш. Ошондо кызматташуу цивилизациялуу болот. Менимче, мамлекет башчыларыбыздын билдирүүлөрү боюнча бүгүнкү кыргыз-кытай кызматташтык мамилелери ушундай нукта баратат. Президент Садыр Жапаров Балыкчы-Кочкор поездин өзү айдап барды. Мунун өзү символикалуу. Мен Садыр Нургожоевич жалпы эле улутубуздын поездин туура стратегиялык багытта айдап, прогресске алып баратат деп айтар элем.
-Мекенчилдик деген нерсени өз улутун сүйүү, башка элди жек көрүү деп түшүнсөк болобу? Айрымдар ушундай ойлошот окшойт.
-Улутман болуу, өз мекенин сүйүү, албетте мекенчилдик. Ал эми башка элдерге карата жакшы ниетте болгон жакшы. Достук мамиледе болсо ого бетер жакшы. Эки эрдин достугу бир белди ашырат, эки элдин достугу миң белди ашырат деген кеп бар эмеспи. Кыргызстан Улуу Жибек Жолунун салтын улап, дүйнө элдери менен саясий, маданий, экономикалык кызматташтыктын көп векторлуу багытын карманышы утуштуу болот. Биздин мамлекет бүгүн ушундай саясатты жүргүзүүдө. Демек өлкөбүздүн келечеги кең.
Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”
Комментарийлер