КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ АКШНЫН СТАРТАП ДОЛБООРЛОРУ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ МЕНЕН ТААНЫШЫП КЕЛДИ

  • 12.05.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев май айынын башында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жана көз карандысыз эскперттердин делегациясын жетектеп Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып келди.

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ АКШНЫН СТАРТАП ДОЛБООРЛОРУ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ МЕНЕН ТААНЫШЫП КЕЛДИ

Кыргыз делегациясы АКШнын жогорку билим берүүгө инновацияларды киргизүү жана билим берүү стартаптарын ишке киргизүү тажрыйбасы менен таанышты.

Билим берүү тармагынын жетекчилери жана эксперттери стартап долбоорлорго жана Plug and Play Ventures, Стэнфорд университети, Чикаго университети, Сэмюэль Хьюстон университети сыяктуу мекемелерге, Остин коомдук колледжинин (Austin Community College) Accelerator жана Capital Factory бөлүмдөрүнө, DevXSchool жеке менчик мектебине, Чикагодогу Кыргыз коомдук борборуна, Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигине барып, уюмдардын жетекчилери жана илимпоздор менен жолугушушту.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер