КЫРГЫЗ АЛФАВИТИ ӨЗГӨРҮҮСҮЗ КАЛАТ

  • 02.07.2026
  • 0

Кыргыз алфавити өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

КЫРГЫЗ АЛФАВИТИ ӨЗГӨРҮҮСҮЗ КАЛАТ

“Акыркы күндөрү Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары кыргыз тилиндеги «Э» жана «Е» тамгаларына байланыштуу өзүнүн жеке сунушун коомдук талкууга чыгарган экен. Социалдык тармактарда бул маселе боюнча ар кандай пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул – жеке көз караш жана жеке демилге. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат.

Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар, коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди коомчулукка чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар!” – деген билдирүүсүн жарыялады.

Эске салсак Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча долбоор сунуштап, ал коомдук талкууга коюлган эле.

Кенжебек кызы Асел, «Кут билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер