КЫРЧЫН ЖАЙЛООСУНДАГЫ КӨЧМӨНДӨР МАЙРАМЫ
- 02.09.2026
- 0
Кырчын жайлоосу бүгүн кайрадан көчмөндөрдүн улуу дүйнөсүн жандантты.

2-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасында маданий, чыгармачылык жана спорттук иш-чаралар кеңири масштабда өттү.
Күндүн негизги окуяларынын бири — «Кут Ордо» башкы сахнасында өткөн «Биримдик кербени» болду. Кыргызстандын аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген меймандар катышкан бул символдук көч Кырчынга өзгөчө шаң тартуулады.
Аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев да катышты. Ал «Биримдик кербени» элдин ынтымагын, биримдигин жана достугун символдоштурарын белгиледи.
Кербендин артынан көрүүчүлөргө көчмөн цивилизациясынын тарыхын, дүйнө таанымын жана руханий баалуулуктарын көркөм тилде баяндаган «Дүйнө-өмүр» театралдык коюлушу жана «Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» маданий программасы тартууланды. Бул иш-чаралар аркылуу салттуу өнөр менен заманбап сахналык чечимдер айкалышып, көчмөндөрдүн дүйнөсү көрүүчүлөргө өзгөчө формада сунушталды.
Кырчындагы майрам маданият менен гана чектелген жок. Күндүн программасында чет өлкөлүк өнөрпоздордун концерттери, «Шамдагайлар» боз үйдү тез тигүү жана чечүү боюнча мелдеш, «Жашоо жарышы» сынак-эстафетасы, «Башат» чыгармачылык программасы сыяктуу кызыктуу иш-чаралар орун алды.
Спорттук аянтчаларда да көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан таймаштар өттү.
Алардын ичинен быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилген кол менен сөөк сындыруу сынагы өзгөчө көңүл бурду. Монголиядан келген балбан бул таймашта атаандаштарын артка калтырып, рекорддук көрсөткүчкө жеткени кабарланды. Сөөк сындыруу — көчмөн элдердин байыркы салттуу мелдештеринин бири.
Күндүн дагы бир маанилүү окуясы — кыргыз төкмө акындары менен казак акындарынын катышуусунда өтүп жаткан «Ырчылардын ыр эрөөлү» эл аралык айтышынын жарым финалы болду. Комуздун жана домбранын үнү жаңырып, төкмөлөрдүн сөз таймашы Кырчындын руханий майрамын андан ары улантты. Программа боюнча айтыштын жарым финалы өттү.
Ошентип, Кырчын бүгүн бир гана спорттук мелдештер өтүүчү жай эмес, кыргыздын тарыхы, салты, кол өнөрчүлүгү, музыкасы, улуттук оюндары жана меймандостугу дүйнөгө көрсөтүлгөн чоң этномаданий мейкиндикке айланды.
Бул жерде Кыргызстандын жети облусунун ордолору иштеп, улуттук каада-салттар, боз үй жасоо өнөрү, тамак-аш маданияты жана элдик оюндар кеңири тааныштырылууда. Кырчындагы маданий жана спорттук иш-чаралар 3–5-сентябрь күндөрү да уланат.
Кырчындын бүгүнкү көрүнүшү — өткөн менен бүгүнкү күндүн жолуккан жери. Бул жерде ата-бабадан калган мурас сахнада гана көрсөтүлбөстөн, ырда, оюнда, кол өнөрчүлүктө, ат үстүндөгү өнөрдө жана элдин өз ара баарлашуусунда кайрадан жашап жатат.
Ошондуктан Кырчындагы бүгүнкү майрамды жөн гана кезектеги маданий программа деп эмес, кыргыз элинин көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө тааныткан чоң маданий аянтча деп атоого болот.
А.АЛИБЕКОВ, атайын «Кут Билим» гезити үчүн, Кырчын жайлоосу
















Комментарийлер