КУУНУН РЕКТОРУ 1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИНИН КӨЙГӨЙҮН УКТУ

  • 06.02.2020
  • 0

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков 5-февралда  1-курстун студенттери менен жолугушуп, окуу жайдын азыркы абалы боюнча ой бөлүшүп, студенттердин бар катар көйгөйлөрү менен сунуштарын укту.

КУУНУН РЕКТОРУ 1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИНИН КӨЙГӨЙҮН УКТУ

Иш-чарада алгач ректор университеттин тарыхы, азыркы абалы жана келечеги жөнүндө кыскача маалымат берди. Андан соң студенттердин тынчын алган түрдүү суроолоруна жооп берди.

КУУНУН РЕКТОРУ 1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИНИН КӨЙГӨЙҮН УКТУ

Студенттер сабактан бош учурда отура турган скамейкалардын тартыштыгы, ашкана менен дааратканадан чыккан жыт, иш-чараларга даярдануу үчүн кабинет, жатаканадагы оңдоп-түзөө иштери сыяктуу бир катар тынчын алган суроолорду берүү менен, кызыктуу сунуштарын да айтышты. Мисалы, Улуттук университет болгондон кийин, иш-чаралар кыргыз тилинде болсо, окуу жайдын өнүгүшүнө студенттер өз салымын кантип кошо алат деген сыкятуу сунуштар айтылды.

Соңунда Канат Садыков иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн 1-курстун студенттерине ыраазычылык билдирип, берилген суроолор боюнча чаралар көрүлүп, айтылган сунуштар эске алынаарын белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер