КУУДА ЖАҢЫ КӨЗӨМӨЛЧҮЛҮК КЕҢЕШ ТҮЗҮЛДҮ

  • 21.02.2023
  • 0

КУУДА ЖАҢЫ КӨЗӨМӨЛЧҮЛҮК КЕҢЕШ ТҮЗҮЛДҮ

20-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген Улуттук университеттин Көзөмөлчүлүк кеңешинин  жаңы курамынын алгачкы отуруму болуп өттү. 

КУУДА ЖАҢЫ КӨЗӨМӨЛЧҮЛҮК КЕҢЕШ ТҮЗҮЛДҮ

Жыйындын башында уюштуруу маселелери каралып, добуш берүүнүн жыйынтыгында аталган кеңештин төрагасы болуп Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Эркебаев Абдыганы, ал эми катчысы болуп “Кут Билим” гезитинин бөлүм башчысы Кийизбаева Чолпон шайланды.

Отурумдун андан кийинки бөлүгүндө, «КУУнун жаңы административдик-башкаруу структурасы», «Доктордук жана кандидаттык илимий даража үчүн үстөк төлөө», «Декандын илим боюнча орун басарларына кошумча төлөм жүргүзүү», «КУУнун кызматкерлерин сыйлоо жана материалдык кызыктыруу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнүндө маселелер каралып, кызуу талкуудан кийин аталган маселелердин чечилишин колдоо багытындагы чечимдер кабыл алынды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер