КУУДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ БОЮНЧА ОЛИМПИАДА ӨТТҮ  

  • 18.04.2018
  • 0

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде  мамлекеттик тил боюнча салтка айланган студенттик олимпиаданын жыйынтыктоочу этабы болуп өттү. 

Университеттин мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы  Динара Мырзагулованын айтымында, иш-чара эки этап менен өтүп, ар бир  факультеттен биринчи курста окуган үчтөн студент катышып, кыргыз мектептерин аяктагандар дилбаян жазуу жана көркөм окуу, ал эми орус мектептерин бүтүргөндөр эссе жазуу жана көркөм окуу боюнча ат салышышты. Мындан сырткары, ар бир факультеттен бирден студент сунушталган темаларга долбоор даярдап, аны коргоп берди.

Жыйынтыгында долбоор даярдоо боюнча 1-орунду кыргыз-кытай факультетинин студенти Турсуналиева Асейил, 2-орунду биология факультетинин студенти Токтобек кызы Акшербет, 3-орунду  химия жана химиялык технологиялар факультети Килебаев Амантур алса, дил баян жана көркөм окуу боюнча 1-орунду математика жана информатика факультетинин студенти Тилек кызы Нуржанат, 2-орунду  химия жана химиялык технологиялар факультетинин студенти Бактиярова Жанара, 3-орунду экономика факультетинин студенти Молдакиева Элмира ээлеп, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Эссе жазуу жана көркөм окуу боюнча 1-орунга Парпы кызы Алтынай (башкаруу жана бизнес факультети), 2-орунга Абдимамат кызы Айдана (математика жана информатика факультети), 3-орунга Сыдыкова Акмарал (журналистика факультети) татыды.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер