«КУТКАРУУЧУ» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНЫШТЫ

  • 04.11.2022
  • 0

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата окуучулар арасында өткөрүлгөн «Куткаруучу» аталышындагы кароо-сынак жыйынтыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан экинчи ирет өткөрүлүп жаткан «Куткаруучу« аталышындагы кароо-сынак БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана Япон өкмөтүнүн Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу программасынын алкагындагы «Коопсуз мектеп» долбоорунун каржылоосу менен уюштурулду.

"КУТКАРУУЧУ" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНЫШТЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пресс-кызматынын офицери  Нурзат Муратбекованын берген маалыматына таянсак,  республикалык деңгээлде «Эң мыкты ыр» жана «Эң мыкты сүрөт» катары тандалып алынган эмгек ээлерин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев куттуктап, баалуу белектерди тапшырды.

"КУТКАРУУЧУ" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНЫШТЫ

12-сентябрдан баштап өлкө аймагынан 1-11-класска чейинки окуучулар катышкан сынак алгач райондук, андан соң облустук деңгээлде өтүп, жогорку упай топтогондордун эмгектери республикалык кароого жөнөтүлгөн.

"КУТКАРУУЧУ" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНЫШТЫ

— Сынак башталгандан тарта жалпысынан 60тан ашуун окуучу катышып, анда мектеп окуучулары адам өмүрүнө арачы болуп, өз өмүрүн тобокелге салган өрт өчүрүүчү, куткаруучулардын түйшүктүү ишин чагылдырышкан. Келечек муундардын жан-дүйнөсү, көз карашы менен чагылдырылган эмгектердин арасында соңку Баткен окуясы да таамай жана жеткиликтүү тартылган. 16-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен шаарындагы өрткө-каршы куткаруу бөлүгүнүн кароол-башчысы Айбек Ысманов жергиликтүү элди коопсуз жайга көчүрүүдө тажик тараптын атылган огунан каза тапкан. Бүтүндөй кыргыз элинин жүрөгүн ооруткан каргашалуу окуяны сүрөттөгөн 5-класстын окуучусу Али Талантбеков сынакта баш байгени жеңип алды, — дейт офицер Н.Муратбекова.

"КУТКАРУУЧУ" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНЫШТЫ

Атайын комиссиянын чечими менен 1-6-класстын окуучулары арасында өткөрүлгөн «Эң мыкты сүрөт» номинициясы боюнча:

Баш байге — 58 упай менен Чүй облусунун Ысык-Ата-районунун Я.Я.Ваккер атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Али Талантбеков;

1-орун — 53 упай менен Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айыл аймагынын А.Осмонов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучсу Эсен Мамбетов;

2-орун — 52 упай менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дыйканбаев атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу Алтынай Саякбаева;

3-орун — 51 упай менен Ош шаарынын А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу Мадина Юнусова.

Сүрөттөн сырткары, окуучулардын калеминен жаралаган ырлар сынагы да жыйынтыкталды.

Куткаруучулардын баа жеткис эмгеги баракка түшүрүлгөн ырлардын ар бир сөзүнөн өспүрүмдөрдүн мекенге болгон сүйүүсүн, куткаруучу кесибинин улуулугун патриоттуулук менен бере алгандыгын билүүгө болот.

7-11-класстар арасында өткөрүлгөн «Эң мыкты ыр» номинациясында алдыңкы орундарды багындырышты:

Баш байге — Нарын облусунун Ат-Башы районундагы С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Нурланбек кызы Хадижа;

1-орун — Чүй облусунун Сокулук районундагы М.Жангазиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Гүлдана Мукашева;

2-орун — Ош облусу Алай району А.Мадалиев атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Марсел Курманбеков;

3-орун — Ысык-көл облусунун Ак-Суу районунун А. Сыдыкбеков атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Акак Курманов.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер