«Кут Билим» менен кызматташ устат мугалимдер «Ноокат билимканасында»

  • 25.05.2026
  • 0

Ноокат районундагы «Ноокат билимканасы» мамлекеттик жатак-лицейинде «Кут Билим» менен активдүү кызматташтыктагы устат мугалимдердин республикалык семинары башталды. Бул жылда болуп келген салттуу иш чаранын атактуу мектепте өтүп жатканы менен ого бетер маанилүү.

Математикалык багыттагы «Ноокат Билимканасын» 1989-жылы физика-математика илимдеринин кандидаты,  профессор,  ага илимий кызматкер Өмүрзак Мамаюсупов негиздеп, ошондон бери коомдук башталыштагы илимий жетекчиси. Андан бери «Ноокат билимканасы» өлкөдөгү эң ийгиликтүү мектеп болуп танылды. 1483 бүтүрүүчүнүн 212 бүтүрүүчүсү артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 32 алтын медаль,126 кызыл аттестат, 54 алтын тамга, 2 алтын сертификат,  2 Президенттин мактоо баракчасын алышты.

«Кут Билим» менен кызматташ устат мугалимдер «Ноокат билимканасында»

Ө. Мамаюсуповдун эмгеги бийик бааланып,  КР Эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Ресубликасынын Эмгек Баатыры жогорку наамы ыйгарылды.

Бүтүрүүчүлөрдүн 90% тен ашыгы жогорку билим ээлери, ондогон илимдин кандидаттары жана Pg докторлору, магистрлери бар.

Ондогон коомдук ишмерлер, таанымал ишкерлер, ар түрдүү кесиптеги жооптуу кызматтарда иштешет. Дүйнөлүк таанымал чет өлкөлүк окуу жайларда ондогон бүтүрүүчүбүз окушат, иштешет.

Бүгүнкү окуучулардын 30% англисче, 30% орусча эркин сүйлөшөт.

Мамлекеттен 1 сом коротпостон 125 орундуу жатакананы «ашар» жолу менен курулган.

Робототехника, тигүү цехи сыяктуу бир топ коужоктор иштейт. Эл аралык байланыштар менен активдүү иш алып барышат.

«Ноокат Билимканасы» мамлекеттик жатак-лицей жана окутуу акысыз.

Директору Минажат эжеке ушул мектептин бүтүрүүчүсү.

Семинардын ишине Акбаева Кундузкан, Балтаева Асилкан, Боронбаева Азиза, Айдарова Нурийла, Эргешов Абдиназар жана Мамасадыков Зайнабидин сыяктуу устат мугалимдер катышууда.

«Кут Билим» гезитинин баш редактору Токторов Майрамбек бүгүнкү жаңы улуттук моделдеги билим берүүнүн куруу, заманбап жаңылануу темасында устат мугалимдер менен баарлашып, жыйынтыгында мугалимдер коомчулугуна билдирүү жасашмакчы.

Б.К. «КБ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер