КУРУЛТАЙДЫН МУГАЛИМ ДЕЛЕГАТТАРЫ

  • 16.12.2023
  • 0

Бишкек шаарында өтүп жаткан Экинчи элдик курултайга билим берүү жана маданият тармагынын 154 өкүлү катышууда.

КУРУЛТАЙДЫН МУГАЛИМ ДЕЛЕГАТТАРЫ

Мугалим делегаттардын айрымдары менен жолугуп, пикир бөлүшө алдык. «Даңк» медалынын ээси Бүзирна Адилова Алай районундагы Бүлөлү айыл аймагынан курултайга делегат болуп шайланган. Ардагер агартуучу 18 жыл мектеп директору, 10 жыл айыл өкмөтү, бир жыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштегенин айтып отурду.

— Делегат катары бир топ маселелерди, анын ичинде Бүлөлү айыл аймагына караштуу №37 Абдиламит Арзиев атындагы орто мектепте  спортзалдын курулушу боюнча маселени көтөрүп келдим. Өткөн жылкы курултайда да айткам. Бул жолу да айтам. Анткени окуучулар 2700 метр бийиктикте ак кар, көк музда дене тарбия сабагын сыртта өтүп жүрүшөт, — деди курултайдын делегаты Бүзирна Адилова.

КУРУЛТАЙДЫН МУГАЛИМ ДЕЛЕГАТТАРЫ

Элдик курултайга экинчи жолу катышып жаткан айылдык агартуучу Акылбекова Сайнал Чүй районундагы Он-Бир-Жылга айыл өкмөтүнөн делегат болуп келген. Делегат өкмөт башчысы Акылбек Жапаровдун «Мугалимдерди аттестациядан өткөрүп эле тим болбостон,  өздөрүнөн экзамен алыш керек» деген пикирин укканда кубанганын айтат.
—  9-10-класстардын окуучуларынан 100 сөз катышкан диктант алып жүрөбүз. Өткөндө мугалимдерден 90 сөз катышкан диктант алсак, арасында 22 ката кетиргендери болду. Алар азыр деле сабак берип жүрүшөт, — дейт делегат нааразы болуп.
Кадамжай районундагы Н.Ирисов мектебинен жаш педагог Орозбаев Азизбек курултайга биринчи жолу катышып жатат. Ал чыгып сүйлөөгө жазылбаганы менен бул жердеги Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнө азыркы мектептин бир топ көйгөйлөрүн кат жүзүндө жазып бериптир.

КУРУЛТАЙДЫН МУГАЛИМ ДЕЛЕГАТТАРЫ
— Окуучулардын сабак учурунда телефон менен алек болушу окуу-тарбия процессин натыйжалуу жүргүзүүгө тоскоол болууда. Телефонун алып койсоң, эртеси дал ушул эле көрүнүш кайталанат.  Ушул маселени чет өлкөдөгүдөй ата-эне көзөмөлүн күчөтүү аркылуу чечүү керек деп ойлойм. Өзүмдүн сунушумду министрликке бердим, — деди элет мектебинде дене тарбия мугалими болуп эмгектенген Азизбек Орозбаев.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер