КУПЕШЕВ ЖАНА КРАВЦОВ БИРГЕЛЕШКЕН КЫРГЫЗ-ОРУС БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН КУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 25.05.2021
  • 0

Бүгүн, 25-майда видео-конференц-байланыш режиминде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбеков Купешевдин Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушуусу болду.

КУПЕШЕВ ЖАНА КРАВЦОВ БИРГЕЛЕШКЕН КЫРГЫЗ-ОРУС БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН КУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелер боюнча толук пикир алмашуу жүрдү, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмдарын куруу, республиканын таланттуу жана зээндүү балдары үчүн «Артек» эл аралык балдар борборунда жайкы эс алууну уюштуруу маселелери талкууланды.

КУПЕШЕВ ЖАНА КРАВЦОВ БИРГЕЛЕШКЕН КЫРГЫЗ-ОРУС БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН КУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Б. Купешев жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, узак мөөнөттүү жана эффективдүү иштөө форматындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө үмүт артып жатканын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар бардык маселелерди сапаттуу жана ыкчам иштеп чыгуу максатында ушул сыяктуу жолугушууну такай өткөрүп турууну макулдашышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер