“КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВДИН ФИЛОСОФИЯ ДҮЙНӨСҮ”
- 18.11.2022
- 0
17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында бүткүл дүйнөлүк философия күнүнө жана Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, сценарист жана ойчул Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган «Кубатбек Жусубалиевдин философия дүйнөсү» аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Илимдер академиясынан маалымдашты.
Конференциянын максаты – кыргыз адабиятында көркөм чыгармачылыкты философиялык ой толгоо менен чебер айкалыштырууга жетишкен, өзү жашаган мезгил мерчеминен кыйла алдыда жүргөн жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин чыгармаларынын азыркы учурдагы окурмандарынын көркөм-эстетикалык табитин, философиялык дүйнө таанымын калыптандыруудагы орду жана мааниси жөнүндөгү маселелер талкууланды.
Иш-чарага окумуштуулар, окутуучулар, докторанттар, аспиранттар, изденүүчүлөр, студенттер жана ошондой эле жазуучунун чыгармачылыгына кызыккан инсандар катышты.
А.Токтобаева, «КБ»
Комментарийлер