КУАУНУН СТУДЕНТТЕРИНЕ «КУМТӨРДҮН» КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЛЕКЦИЯ ОКУДУ

  • 02.03.2022
  • 0

28-февралда “Кумтөрдүн” инженер-гидротехниги Тилек Абдыраков Кыргыз улуттук агрардык университетинин гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин студенттерине “Калдыктарды сактоочу жайлардын экологиялык абалы” аттуу темада конок лекциясын окуду.

Иш-чара КУАУ менен “Кумтор Голд Компанинин” ортосунда түзүлгөн мемерандундун алкагында, студенттердин кесиптик багытын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана окуу-методикалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду. Анда факультет даярдап жаткан адистиктер “Кумтөр” ишканасынын негизинде дамбалар, калдыктарды (хвостохранилища) куруунун, топурак, суунун температурасын өлчөө, мөңгүлөрдүн жылышы жана башка көптөгөн кызыктуу маалыматтарды берди. Ошондой эле “Кумтор Голд Компани” ЖАК компаниясынын кадрларды даярдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Максимова Сайха студенттерге төлөнүүчү стажировка жөнүндө маалымат берип, стажировкадан өтүүгө чыкырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер