КТМУ “ЭҢ ТААСИРДҮҮ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫ” ДЕП ТАБЫЛДЫ

  • 14.11.2017
  • 0

Кыргыз-Түрк “Манас” университети 10-ноябрда Кыргыз улуттук илимдер академиясында Илим күнүнө карата өткөн иш-чарада «Web of Science Awards-2017» электрондук маалымат базасында илимий макалаларды көп жарыялагандыгы үчүн “Эң таасирдүү жогорку окуу жайы” деп табылды.

Иш-чарада «Clаrivаte Analytics» (Thomson Reuters) компаниясынын өкүлдөрү мыкты рейтингге жетишкен кыргызстандык окумуштууларга жана жогорку окуу жайларына сыйлактарды ыйгарды. Аталган рейтинг боюнча Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргызстанда илимий макалаларды эң көп жарыялагандыгы үчүн сыйланды.

“Бул жетишкендик окуу жайдын бир топ жылдан бери жасаган ишинин натыйжасы болуп саналат. Биз университеттин физикалык жана техникалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, материалдык-техникалык базага жана билим берүү менен илим изилдөө иштеринин сапатын жакшыртууга айрыкча көңүл буруп, абдан чоё маани берип келебиз. Билим берүүдө жана илим тармагында өз орду бар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мындай татыктуу ийгиликтерге жетишүүсүнө жалпы жамаатыбыз менен биргеликте кубанып жатабыз. Жаңы ачылыштарга ишенимдүү кадам таштаган “Манас” университети келечекте мындай ийгиликтердин санын дагы арттырып, жигердүү эмгектене бермекчи. 2023-жылы, Орто Азияны өзүнө тартып турган билим берүүнүн борборуна айланууга жетишебиз”, — деди ректор.

Ч.Кийизбаева, “Кут билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер