КТМУ ДҮЙНѲЛҮК ЭҢ ТУРУКТУУ УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН КАТАРЫНДА

  • 18.12.2019
  • 0

Индонезиянын Green Metric World университетинин бүткүл дүйнѳлүк университеттер арасында туруктуу ѳнүгүү боюнча жүргүзгөн рейтингинде Кыргыз-Түрк «Манас» университети 578-орунду ээледи. Ал эми Кыргызстандагы ЖОЖдун арасынан биринчиликти алды.

КТМУ ДҮЙНѲЛҮК ЭҢ ТУРУКТУУ УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН КАТАРЫНДА

Иликтөөчүлөр 85 ѳлкѳдѳн 780 жогорку окуу жайын талдоого алган. Тизмеге кирген ЖОЖдор электр энергиясын үнѳмдѳѳ, калдыктарды иштетүү, сууну натыйжалуу пайдалануу, окуу жайга тиешелүү аймактарды жашылдандыруу жана экология жаатында студенттердин илимий-изилдѳѳ иштеринин кѳрсѳткүчтѳрүн аныктоо боюнча тандалган.

Эске салсак, Индонезиянын Green Metric World университети кѳп жылдан бери «жашыл» университеттер рейтингин жүргүзүп келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер