КРЕАТИВДҮҮ ЖАШ ЖАРАТМАН
- 13.02.2024
- 0
«Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы» Ноокат РайБББнын 2024-жылдын 15-январындагы 2-буйругу менен жетекчиликке алынды.
Э.Эргешовдун маалыматы боюнча, К.Каримов а.о.м. базасында «Креативдүү жаш жаратман» сынагы өткөрүлүп, жаш ойлоп табуучуларга макет жасоо жана тесттик тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында: 1-орунду Ноокат билимканасы, 2-орунду Кожоке о.м, 3-орунду Курак-Тектир о.м. окуучулары жеңип алышты. К.Каримов, Байыш, Беш-Коргон, М.Нурматов а. «Кашкалдак» о.м. окуучулары активдүүлүгүн көрсөтүштү. «Мехатроника » ийриминин мугалими Саматов Өмүрбек тарабынан мастер-класс өткөрүлдү. ОБЧБнын директору Р.Назаров тарабынан мектепке Ыраазычылык кат тапшырылды. РБББнын Ардак грамоталарын Э.Эргешов жана ардагер мугалим А.Паязовдор окуучуларга чыгармачылык ийгилик каалап тапшырышты.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер