«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: КЕСИПКӨЙЛҮККӨ ЖОЛ

  • 15.11.2018
  • 0

Бишкек шаарындагы ЖЧК «Креатив-Таалим» Билим берүү комплекси уюштурган мугалимдердин дасыктык чеберчилигин жогорулатуучу кыска мөөнөттөгү окуу курсунда региондордон келген 28 мугалим билимдерин жогорулатышты.  Бул курс  Кыргызстанда аналогиясы жок билим жана тарбия берүүнүн  үч негизги багыты боюнча  маселелерди камтыгандыгы менен өзгөчөлөндү.    

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: КЕСИПКӨЙЛҮККӨ ЖОЛ            

          Өзгөчөлөнгөн курс  

«Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагындагы бул саамалык көпчүлүк агартуу тармагындагы кызматкерлерди зор кубанычка бөлөдү. Анткени кыргыз тилинде билим берүүчү окуу мекемелеринин кызматкерлери учурда билим берүүдөгү жаралган көптөгөн көйгөйлөргө кабылуу менен, аларды чечүүнүн жолун издөөдө.

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: КЕСИПКӨЙЛҮККӨ ЖОЛ

Окуучулардын билим сапатын өстүрүү — учурдун талабы. Андыктан заманбап окутуунун технологиялары бүгүнкү өзгөрүп жаткан коомдо мугалимдер үчүн аба менен суудай керек. Андыктан региондордон келген мугалимдер үчүн «Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинде өтүлүп жаткан курс  Кыргызстанда аналогиясы жок билим жана тарбия берүүнүн  үч негизги багыты боюнча  маселелерди камтыгандыгы менен өзгөчөлөндү.

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: КЕСИПКӨЙЛҮККӨ ЖОЛ

Учурда мектеп, ата-эне жана коомдун биргелешкен өз ара  кызматташуусу болмоюн, жакшы натыйжанын  болбостугу баарына маалым эмеспи.

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: КЕСИПКӨЙЛҮККӨ ЖОЛ

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин башкы директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими  Гүлнара Дайырбекованын айтымында, кыска мөөнөттөгү курстун максаты — Бишкек шаарындагы жана региондон келген мугалимдерге методикалык жактан жардам берүү, тажрыйба алмашуу болуп саналат.

— Бул курстун өзгөчөлүгү эмнеде? Эң негизгиси, балдарга терең билим, татыктуу таалим-тарбия бериш үчүн, курсту үч багытта уюштурганга аракет кылдык. Академик  Исак Бекбоев «Баарыдан мурда мугалим өзү окутуп жаткан илимди-ал илимдин тарыхын, азыркы абалын, проблемаларын, өсүү перспективаларын, изилдөө методдорун жакшы билүүгө тийиш»  деп белгилегендей  биринчи күнү – азыркы абалга шайкеш окутууну шарттаган билим берүүнүн заманбап технологияларынан ден соолукту сактоо, мультимедиалык жана проекттик технологиялардын өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары тууралуу айтылып, тажрыйбабызда колдонулуп жүргөн мисалдар көрсөтүлдү. Андан сырткары, азыркы учурда окутуу процессинде көп кездешкен терминдердин бири болгон рефлексия боюнча маалыматтар берилди. Рефлексия деген эмне? Аны сабактын кайсы этабында колдонсо болот?  Рефлексияны жүргүзүүнүн кандай түрлөрү бар экендигин жана аны кантип жүргүзүүгө болоору тууралуу айтылып, конкреттүү ыкмалар көрсөтүлдү. Окуучуларды сабакка кызыктыруунун ыкмалары боюнча да маалымат берилди. Ошондой эле мугалимдер үчүн сабакка анализ берүүнүн бир нече формасы да сунушталды. Щвейцариялык атактуу педагог жана агартуучу Г.Песталоцци  «Мугалимдин  теориялык билими туман болсо,анда окуучуларынын билими караңгы болот» деп белгилегендей  экинчи – күнү келген мугалимдер ар кимиси өзү окуткан предмети  боюнча  биздин комплекстин мугалимдери менен  айрым көйгөйлүү суроолорду талкуулашышты жана предметтер боюнча 12 мугалим мастер-класстарды өткөрүштү. Үчүнчү күнгө тарбия маселесине байланышкан маселелер тууралуу маалымат берүү пландашылган. «Адамды интеллектуалдык жактан тарбиялап, бирок нравалык жактан тарбиялабай коюу коомго чоң коркунуч туудурат» деп бекеринен айтылбаса керек.  Ошондуктан курсту уюштурган негизги максатымдын бири  — балага билим берүү менен кошо аны тарбиялоо боюнча да тажрыйба бөлүшүү болчу. Алгач  формалдуу эле тарбиялык планды түзбөстөн чыныгы пайдалуу, натыйжалуу жана реалдуу ишке ашырууга мүмкүн болгон тарбиялык иштерди жүргүзүү үчүн  планды кантип түзсө болот деген суроодон баштадым. Албетте, атайын рецепт бере албайм, анткени ар бир мугалимдин өзүнүн мүмкүнчүлүгү, көз карашы, интеллектуалдык деңгээли, методикалык даярдыгы, кайсы мектепте иштеп жатканы, шартына  жараша түзсө болот, мен болгону тажрыбамдан гана бөлүшүп жатам — дейт Г.Дайырбекова.

Ырас, Кыргызстанда мугалимдердин билимин жогорулатуучу курстар көп.   Алар бири-биринен алдыга койгон максатына, күтүлүүчү натыйжаларына, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өтүп келе жатат.

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: КЕСИПКӨЙЛҮККӨ ЖОЛ

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинде өткөн курстун өзгөчөлүгү – жалпы методика, жеке методика жана тарбия иштерин  айкалыштырып, кыска мөөнөттүү, маалымат алуу курсу болгону менен айырмаланат. Бул курска жалпы жонунан 28 угуучу келди. Курстун баасы 1500 сомду  түздү. Мунун ичине мугалимдердин үч маал тамактануусу, керектүү материалдар менен камсыз болуусу кирди. 28 угуучунун ичинен жетөө маалыматтык технологияга келсе, 21 жалпы методика, жеке методика боюнча билимдерин өркүндөтүштү.

          Ата-эне менен иштөө ыкмасы

Курстун уюштуруучусу ата-энелер менен иштөөнүн жолдорун да угуучуларга көрсөттү. Көрсө, Гүлнара Дайырбекова 30 жыл мектепте математика мугалими болуп иштеп, ушул жылдар ичинде үзгүлтүксүз класс жетекчилик кызматты аркалаган экен. Ал буга чейин бешинчи муунду тарбиялап чыгарган дасыккан мугалим. Ошондуктан ата-энелер менен кызматташууда биргелешкен, максаттуу иштерди жүргүзүү керектигин, зарылдыгына жараша  аларга бала тарбиялоо боюнча психологиялык-педагогикалык кеңештерди уюштуруу  зарыл экенине басым жасады. Анткени ал мындай иштерди өз жонунан өткөргөн. Угуучуларга ата-энелер чогулушунун сценарийин да көрсөтүп берди.

          Жаңы технологиялар менен тааныштыруу

          Курска келгендердин ичинде компьютер менен иштей албагандар дагы бар экени маалым болду.

— Ар бир берилген маалыматтарыбызды мультимедиалык презентация менен көрсөттүк. Азыркы күндө окуучуларда компьютер менен иштөө көндүмдөрү көбүрөөк болуп жатканын  эске алуу менен мугалимдер өзүбүз да компьютердик сабатсыздыкты тезинен жоюушубуз зарыл. Белгилей кетүүчү бир жагдай биздин комплекстин мугалимдеринин баары мультимедиялык технологиялар менен иштешет. Өздөрү презентацияларын слайд, анимациялары менен даярдашат. Комплексте 20 проектор, 2 интерактивдүү такта, ар бир мугалимде ноутбук бар. Регионду өнүктүрүү жылында аймактарда иштеген мугалимдерге методикалык жактан жардам бергенибиз, тарбиялоодогу  жаңылыктар менен тааныштырганыбыз  дагы биздин кошкон салымыбыз деп эсептеймин, — дейт башкы директор.

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: КЕСИПКӨЙЛҮККӨ ЖОЛ

Жылдыз Сарыгулова, «Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинин окуу бөлүмүнүн башчысы:

  • Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча курска келгендер ыраазы болуп, жогорку бааларын берип кетишти. Өзгөчө берилген материалдардын мазмуундулугуна ыраазы болушту. Курс боюнча уккан башка кесиптештер, дагы курстар өткөрүлсө барат элек дегендердин саны арбыды.

Надира Казакбаева, математика мугалими:

  • Курска келген мугалимдердин билимин жогорулатканга, билим алганга суусап калганын көрдүм. Методикалык жактан берилип жаткан ар бир материалды өздөрүнө сиңирип алышты. Чын дилинен угуп, Гүлнара эженин ар бир оозунан чыккан сөздөрүн үтүр, чекитине чейин жазып алып жаткандарын байкадым. Мындай курстар мектеп мугалимдери үчүн абдан керек экенине ынандым.

Мугалимдер эмне дейт?

М.Чечеева, №74 лицей-мектебинин  математика мугалими, Бишкек шаары:

— Семинарда  «Ден соолукту сактоо» технологиясы, «Рефлексия», «Долбоордук окутуу» технологиясы, «Интерактивдүү окутуу», «Сабакты анализдөө» боюнча көп маалыматтарга ээ болдум. Өзүм билгендеримди, билбегендеримди андан ары толуктап, өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алдым деп ойлойм.

 Семинар абдан кызыктуу болгондуктан, аны үч күн эмес, беш күн болсо мугалимдер көп жаңы нерселерге  сугарылышат эле. Белгилеп кетчү нерсе,  Дайырбекова Гүлнара бизге берген маалыматтары менен  мыкты мугалим, насаатчы, устат экендигин дагы бир жолу далилдеди.                        

Г. Бегишова,  «Давха» мектебинин математика мугалими, Бишкек шаары:

Мага рефлексия жөнүндө маалымат абдан жакты. Өзүм үчүн жаңы маалыматка ээ боло алдым. Айрыкча, «6 шляпа»  боюнча сабак өтсөм деген ойго келдим. Проекттик технология боюнча түшүнүк алып, эми окуучулар менен иштөөдө аларды сабакка кызыктыра алам деп ойлойм.  Балдарды сабакка кызыктыруунун 16 ыкмасы менен тааныштым. Негизи эле, мен аябай мотивация алып, чыгармачылык менен иштөөнү, көп-көп пландарды алдыма койдум.

  Г. Байзакова, орус тили мугалими, ИКИПК колледжи, Балыкчы шаары:

        — Биздин Балыкчы шаарын «мертвый город» деп коюшат. Бизде да ушундай борбор ачылса, жакшы болмок. Анда көлдүн тегерегинен айылда иштеген мугалимдер үчүн, балдар үчүн сонун мүмкүнчүлүк болор эле. Мен бул семинардан көптөгөн өзүмө керектүү методдорду, технологияларды үйрөнүп, практикада колдоном деп үмүттөнөм

     Э.Примбаева,  М.Осмонов атындагы орто мектебинин орус тили мугалими, Нарын облусу, 8-март айылы:

—   «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинде мугалимдер жана окуучулар үчүн эң сонун шарттар түзүлүптүр. Бул мектептин үлгүсүн республикада жайылтуу керек. Анткени,  бул учур талабы. Элдин жашоо-шартын жакшыртуу билим менен гана байланышкан.  Бул кадамдар келечек муундарга татыктуу тарбия, билим берүүгө жана мугалимдин аброюн жогорулатууга өбөлгө болот деп ишенем.

    Учурда мугалимдерге эң керектүү темалар тандалыптыр. Өзүм үчүн пайдалуу маалыматтарды ала алдым. Ушундай тренингдер, курстар бат-баттан уюштурулуп турса. Кыска жана нуска. Тажатма жана пайдасы аз курстарды жойсок жакшы болот эле. Алыскы айылдардан келе албаган мугалимдерге жок дегенде облустарга же райондорго барып өтүп беришсе  өтө сонун болмок.

Г.Атагулова,   №74 лицей мектебинин информатика мугалими, Бишкек шаары:

— Педагогикалык жамааттын ынтымактуулугу, уюшкандыгы ар биринин кыймыл-аракетинен, адамга кылган мамилесинен көрүнүп турат. Демек, мындай коллективде ийгилик жана чыгармачылык гана өкүм сүрөт деп ойлойм. Курста заманбап технологиялар боюнча маалыматтар берилсе, аталган мектепте ар бир мугалим бул технологияны практикада колдоно билгени абдан жакты. Курс абдан так, көрсөтмөлүү, түшүнүктүү жана жеткиликтүү болду. Ар бир катышуучуда жагымдуу маанай, окууга кызыгуу жана шыктануу байкалды.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер