КОШУМЧА ОКУУ ҮЧҮН ДЕҢГЭЭЛДЕШТИРИЛГЕН  БАЛДАР КИТЕПТЕРИ МАКСАТТУУ МЕКТЕПТЕРГЕ ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 08.02.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен   USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун өнөктөштүгүнүн негизинде мектептердин башталгыч классынын мугалимдерине,  окуучуларына  арналган деңгээлдештирилген адабий китептер билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилди.

КОШУМЧА ОКУУ ҮЧҮН ДЕҢГЭЭЛДЕШТИРИЛГЕН  БАЛДАР КИТЕПТЕРИ МАКСАТТУУ МЕКТЕПТЕРГЕ ТАПШЫРЫЛДЫ

     Маалыматка ылайык,  Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы 30 мектеп (Талас районунда — 23, Талас  шаарында — 7) долбоор менен иш алып барат. Заман талабына ылайык чыгарылган балдар адабияты актынын негизинде  максаттуу ар бир мектепке 1029 даанадан   берилип, жетекчилерге сертификаттар тапшырылды.

КОШУМЧА ОКУУ ҮЧҮН ДЕҢГЭЭЛДЕШТИРИЛГЕН  БАЛДАР КИТЕПТЕРИ МАКСАТТУУ МЕКТЕПТЕРГЕ ТАПШЫРЫЛДЫ

—  Балдар китеби башталгыч класстын мугалимдери үчүн окуу, кыргыз тили, орус тили, «Мен жана дүйнө» сабактарын, класстан тышкаркы иш-чараларды уюштурууда  кошумча материал катары пайдаланууга,  ал эми  окуучулар үчүн окуп түшүнүү жөндөмдүүлүктөрүн,  үйдөн окуу үчүн жеткиликтүүлүгүнө шарт түзөт. Азыркы учурдун талабына ылайык адабий китептер б.а. балдар адабияты менен мектептерди камсыздап, жаш муундарды окутуп-тарбиялоого, алардын сөз байлыгын өстүрүүгө, дүйнө таанымын кеңейтүүгө, ой жүгүртүүсүн калыптандырууга,  китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга кошкон салымы жана көйгөйлөрдү чечүү багытында мектептер менен жакындан максаттуу, натыйжалуу иш жүргүзүп келе жаткан USAIDдин «Окуу керемет!» долбооруна билим берүү бөлүмү терең ыраазычылык билдирет, — деп Элизат Сатыбалдиева.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер