КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ БАШКАРУУЧУЛУК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫНЫН ДЕҢГЭЭЛИН ЖОГОРУЛАТУУДА

  • 11.11.2022
  • 0

2022-жылдын 7-ноябрынан 9-ноябрына чейин “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору жана К.Д.Ушинский атындагы Ярослав мамлекеттик педагогикалык университети “Кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин башкаруучулук компетенциялары” эл аралык квалификациясын жогорулатуу программасын өткөрдү.

КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ БАШКАРУУЧУЛУК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫНЫН ДЕҢГЭЭЛИН ЖОГОРУЛАТУУДА

Балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилери оффлайн жана онлайн форматтагы программа боюнча Сочи мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору А.В. Золотарёв, педагогика илимдеринин кандидаты Н.А. Мухамедьяров жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты, “Балажан” РЭТБОУБдун директору Д.С.Мусинанын лекцияларын угушту.

Натыйжада программанын катышуучулары заманбап мамлекеттик билим берүү саясатын ишке ашыруу үчүн башкаруучулук компетенцияларынын деңгээлин жогорулата алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер