КОШ КУБАНЫЧ ЭЭЛЕРИ

  • 05.10.2020
  • 0

Бүгүн Билим берүү жана илим министри К.Исаков Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата агартуу тармагына көп жыл үзүрлүү эмгектенген бир катар мугалимдерди КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйлады.

Кесиптик майрамын кош кубаныч менен тосушкандардын арасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерное орто мектебинин физика мугалими Асимкан Күчмуратова да бар. Асимкан Исмаиловна 38 жылдан бери жаш муундарды тарбиялап келет.

КОШ КУБАНЫЧ ЭЭЛЕРИ

— Кесиптештеримди майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ушундай ийгиликтер көп болсун. Биз, мугалимдер кыргыздын чыгаан уул-кыздарын тарбиялап өстүрүп, талыкпай эмгектене берели! — деп, кубанычы менен бөлүштү.

КР Премьер-министрдин эстелик саатын алган мугалимдердин бири Нурбек Керималиев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылындагы Б.Сатыбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектептин орус тил жана адабияты жана аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими болуп эмгектенет. Балдарга билим-тарбия берип, талыкпай эмгектенип келаткандыгына быйыл 37 жыл болду. Нурбек Жумалиевич өзүн окуткан мыкты кесипкөй орус тил мугалимдеринин таасири астында азыркы кесибин тандап алган. Ошол мугалимдеринен үйрөнгөн билим, тажрыйбасына заманбап кошумча технологияларды колдонуп, окуучуларды сабакка кызыктырып окутканга, билим сапатын жогорулатканга аракеттенип келатат.

— Окуучуларды, айрыкча, балдарды тил илимине окутуу татаалыраак экенин мугалимдер жакшы билишет. Мен окуучуларымды жаңы ыкма, жаңы каражаттарды колдонуп кызыктырганга аракеттенем. Көрсө, бала тилге кызыкпаса да, технологияга кызыгып кадам артынан кадам жасап, жакшы натыйжаларга жетишет экен. Мектебимди кыйбай, өз кесибимди сүйүп, урматтап эмгектенип келатканым бааланып, сыйлыкка татып отурганына жетине албай турам. Айрыкча бизди окуучуларыбыздын жетишкендиктери чексиз кубандырат. Алар райондук, облустук олимпиадаларга катышып, ийгиликтерге жетишсе, мен да сыймыктанып шыктанам. Окуткан окуучуларыбыз “агай” деп сыйлап, учурашып турса, чыныгы бакыт ошол экен — дейт.

КОШ КУБАНЫЧ ЭЭЛЕРИ

Нурбек Керималиев сыймыктанган окуучуларынын бири белгилүү эстрада ырчысы Кубаныч Сатаев. Баласын эле окутпай, убагында анын атасы Чубак Сатаев менен Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келген. Агайынын сыйлык алганын угуп, атайын куттуктаганы келген.

Кесиптик майрамында баалуу белек алгандардын катарында Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы В.Ленин атындагы №1 орто мектебинин директору Сапарбаев Камчыбек Мырзакасымович да бар.

КОШ КУБАНЫЧ ЭЭЛЕРИ

— Борбор калаага келип, ушундай зор салтанатка катышып жаткандыма, Премьер-министрдин баалуу белеги – кол саат алып жатканыма чексиз сыймыктанып, кубанып турам. Өкмөт, Президент тарабынан сыймыктуу кесипти аркалап келаткан мугалимдердин ак эмгеги көз жаздымда калтырылбай, татыктуу бааланып жатканына мугалимдердин атынан ыраазычылык билдиргим келет. Жалпы эле кесиптештеримди, мугалимдер журтчулугун бүгүнкү кубанычтуу күнү менен мен да куттуктап, баардыгына албан-албан ийгиликтерди каалайм, — дейт, Камчыбек Сапарбаев.

Ал жогоруда аталган мектептин директорлук кызматында 2013-жылдан бери эмгектенип келатат. Кыргыз, орус, татар, тажик, өзбек, казак ж.б. улуттардын өкүлдөрүнүн миңден ашык балдары билим алган ал мектептин мугалимдери эл аралык долбоорлор менен тыгыз кызматташтыкта иштеп, мактанарлык ийгиликтерди жаратышууда.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер