КОШ «АЛИППЕ», АКЫЛДЫН КАЙМАГЫ!

  • 04.05.2021
  • 0

Борбор шаарыбыздагы Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинин 1-«ж» классында «Алиппе» китеби менен коштошуу кечеси көңүл толкуткан майрамдык маанайда өттү.

КОШ "АЛИППЕ", АКЫЛДЫН КАЙМАГЫ!

Балдардын шайыр күлкүсүнө, ченемсиз кубанычына, анан да ак пейил ата-энелердин, бийик каадалуу коноктордун ак тилек каалоосуна толгон, түр-түркүн шарлар илинген бөлмөдөн Алиппе китеби өзүнүн жаш досторуна моминтип кайрылды:

Арбаңыздар жаш достор,
Келечекке жол ачар.
Алиппең келди ортого,
Билим деген баланын.

Мени окуп жʏрдʏңөр.
Мээрим төгʏп сʏйдʏңөр.
Кир кылбастан барагымды
Жандай көрʏп кʏттʏңөр.
Тамгаларды ʏйрөндʏңөр.
Шар окууга көндʏңөр.
Сулуу жазып дептерге.
Ачылыптыр көзʏңөр.

Мотурайган балдар-кыздарга пандемия шартындагы кыйын кырдаалга карабай татыктуу таалим-тарбия берген мугалим эжейи да четте турбады:

Кел, Алиппе, балдардын,
Сөзүнө көңүл бөлөлү.
Сенден алар үйрөнгөн
Өнөрлөрүн көрөлү!

КОШ "АЛИППЕ", АКЫЛДЫН КАЙМАГЫ!

Бир жыл «Алиппеден» билим алган окуучулар карап турат беле! Билген ырларын жатка айтышып, ыр ырдап, бий бийлеп, келген коноктордун маанайын көтөрүштү.

КОШ "АЛИППЕ", АКЫЛДЫН КАЙМАГЫ!

— Ата-энелерге ыраазыбыз. Бүгүнкү майрамдык кийимдердин баарын даярдап беришти, — дейт бул балдар-кыздардын эжейи, 1-«ж» классынын куратору Бөкөнбаева Зулфия.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер