КОРЕЯЛЫКТАР КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНА БЕКЕР ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЙТ

  • 05.12.2022
  • 0

2-декабрда Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов кыргыз жарандарына бекер операция жасап берген Кореянын Кемён университетинин ректору Шин Ильхи онлайн форматта жолукту.

 

КОРЕЯЛЫКТАР КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНА БЕКЕР ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЙТ

2022-жылдын 13-15-июлда Кемён университетинин алдындагы Досан медициналык борборунан төрт делегат келип, операцияга муктаж 1-2-топтогу майыптуулугу бар 9 бейтапты тандап алган.  Бейтаптар эки этап менен Тэгу шаарына жиберилип, беш бейтапка оор операция жасалган.

КОРЕЯЛЫКТАР КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНА БЕКЕР ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЙТ

Кореядан кызына операция жасатып келген Диана Жолдубай кызы окуу жайдын жамаатына ыраазычылыгын билдирип, кызынын азыркы абалына  мындайча токтолду:

  • Алты жаштагы кызым тубаса жүрөгү тешик болуп төрөлгөн. Жети жашына чейин Түркиядан операция жасатуубуз керектигин доктурлар кабарлап, чет элдик клиникалар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканбыз. Кызымдын оорусуна байланыштуу Жалдагы балдар ооруканасында каттоодо турат. Күтүлбөгөн жерден Кореядан операция жасатып келүү үчүн тандалганыбызды айтып байланышканда, ишенген эмесмин.  Албетте, таң калуу, коркуу сезимдери болду. Анан ойлонуп макулдугубузду бердик. Кореяда медицина абдан өнүккөн экен, кызымдые денесин кесип операция жасаган жок, кан тамырлар аркылуу эле зонт коюлду. Азыр кызымдын абалы жакшы, чуркап ойноп калды. Азырынча жергиликтүү доктурубуздун көзөмөлүндө болобуз, башкысы, мындан башка операцияга кажет жок, дейт Диана Жолдубай кызы

 

Кемён университети бекер кызмат көрсөтүп эле тим болбостон бейтаптардын жол акысын, жатаканасын, операциянын чыгымдарынын бардыгын өз мойнуна алды.

Конференциянын жүрүшүндө, Кемён университетинин ректору Шин Ильхи келерки жылы бейтарга берилүүчү квотанынын санын көбөйтүү,  Кыргыз улуттук университеттин студенттери үчүн квоталык  окууну ишке ашыруу боюнча сөз козгоду.

 

Айгерим Токтобаева “КУТБИЛИМ”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер