КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН IT-СТАРТАБЫН ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ТАЖРЫЙБАСЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 14.03.2024
  • 0

13-мартта, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу директорлор кеңешинин мүчөсү Хо Дэ Гон жетектеген “Kbs-job” компаниясынын өкүлдөрү жана Борбордук Азиядагы Корея институтунун жетекчилиги менен жолугушту.

КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН IT-СТАРТАБЫН ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ТАЖРЫЙБАСЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Тараптар Кыргыз-Корей колледжи менен “Kbs-job” компаниясынын ортосунда маалыматтык технологиялар тармагындагы стартапты ишке ашырууну талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары Корея Республикасынын IT жана көндүмдөрдү сертификациялоо жана валидациялоо жаатындагы тажрыйбасын изилдөөнүн перспективаларын карашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер