КООЗДУККА КУРЧАЛГАН БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

  • 10.12.2020
  • 0

Чүй облусунун “Дебют” командасы “Эрудит” республикалык интеллектуалдык онлайн-сынагынын жеңүүчүсү болду.

Билим берүү жана илим министрлиги “Балажан” республикалык эстетикалык тарбиялоо окуу-методикалык борбору менен биргеликте “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында өткөргөн “Эрудит” республикалык интеллектуалдык онлайн-сынагы жыйынтыкталды. Анда Чүй облусунун “Дебют” чыгармачыл балдары биринчи орунга, Жалал-Абаддын “Чудотворцы” командасы экинчи орунга, Ош облусунун “Сулайман-Тоо” командасы байгелүү үчүнчү орунга ээ болушту. Андан тышкары, “Тургунбай Садыковдун урпактары” (Баткен облусу) жана “Акварелька” (Ысык-Көл облусу) командасынын жаш таланттары кызыктыруучу сыйлыктарды алышты.

КООЗДУККА КУРЧАЛГАН БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

Көркөм сүрөт искусство ышкыбоздорунун аталган сынагы ZOOM платформасы аркылуу Next TV телестудиясында жыйынтыкталган. Аны уюштуруучулардын айтымында, “Эрудит” онлайн-сынагынын максаты — мектеп окуучуларынын көркөм сүрөт өнөргө кызыгуусун арттырып, билимин тереңдетүү менен бирге, алардын креативдүү, чыгармачылык компетенттүүлүгүн калыптандыруу болуп эсептелет.

Аталган сынактын республикалык жыйынтыктоочу туру төрт этапты өзүнө камтыды. Аралыктан жүргүзүлгөн алгачкы “Суперблиц” этабында катышуучулар Google forms тиркемеси аркылуу түзүлгөн көркөм сүрөт искусство багытындагы 50 суроодон турган тесттен өтүшкөн. Экинчи этабында балдар “Оратордук чеберчилик сынагы”, “Сүрөттү аягына чейин тарт”, “Берилген тамгалардан сөз кура”, Натюрморт түз” деген аталыштагы төрт тапшырманы аткарышты. Ал эми “Көркөм сүрөт искусство жанрлары” деп аталган үчүнчү этабында командалар бул өнөрдүн белгилүү бир жанры боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүшүп, анын классификациясын, жаралуу баянын, түзүлгөн тарыхый кырдаалдарды, ошол жанр багытында эмгектенген белгилүү сүрөтчүлөрдүн аты-жөнүн, мисалдарды ж.б. изилдешкен. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында катышуучулар ар түрдүү ИКТ технологиялары, көркөм сүрөт өнөрүнүн жанрлары боюнча өздөрүнүн терең билимин көрсөтө алышты.

КООЗДУККА КУРЧАЛГАН БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

Биз мурда маалымдагандай, интеллектуалдык онлайн-сынагынын финалдык туруна “Сулайман-Тоо” (Ош), “Т.Садыковдун урпактары” (Баткен), “Акварелька” (Ысык-Көл), “Теңир-Тоо” (Нарын), “Дебют” (Чүй), “Чудотворцы” (Жалал-Абад), “Радуга” (Талас) жана Ош шаарынын “Гармония” командалары өз өнөрлөрүн сынашкан.

Сынактын жыйынтыктоочу этабында ар бир команда реалдуу режимде алдын-ала тандалып алынган жанр боюнча сүрөт тартууга тийиш эле. Иштөө процессинде сынакка коюлган сүрөттү тартууга команданын ар бир мүчөсү катышып, топто иштөө жөндөмдүүлүгүн, кыл калем, боек жана башка ыкмалар менен иштөө чеберчилигин көргөзө алган. Жаш таланттардын эмгектери КР маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, СССР жана КР сүрөтчүлөр Бирликтеринин мүчөсү Жылкычы Жакыпов төрагалыгы алдында өз татыктуу баасын алды.

Сынактын мүчөсү “Балажан” борборунун директору, п.и.к., КР Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери Дария Мусинанын айтымында, бул республикалык сынак экинчи жолу өткөрүлүүдө.

— Көркөм сүрөт искусство ышкыбоздорунун башын бириктирген “Эрудит” республикалык интеллектуалдык онлайн-сынагынын бардык катышуучулары Билим берүү жана илим министрлигинин грамоталарын, ал эми жеңүүчүлөр диплом жана эстелик белектерин алышмакчы. Бул сынак болгону экинчи жолу өткөрүлүп жатканына карабай, жаш сүрөтчүлөрдүн көркөм өнөр чыгармачылыгы Covid-19 пандемия шартында да канчалык деңгээлде өсүп, мыкты тажрыйбаларга ээ болуп жатканы бизди кубандырат. Жаш эрудиттердин жашоосу билимдин жаркыраган кооз өңдөрү менен коштоло берсин деген каалоомду билдиргим келет, — дейт Дария Сапарбековна.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер