КООПСУЗ МИГРАЦИЯ КЕРБЕНИ ОШТУДА

  • 06.12.2023
  • 0

Бүгүн Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан “Коопсуз миграция кербени – чет өлкөдө бош орундар жарманкеси” иш-чарасы өткөрүлдү.

Жарманке КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, ОшТУнун жетекчилиги жана карьера бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага университеттин окутуучулары, студенттери жана шаар тургундары катышты.

КООПСУЗ МИГРАЦИЯ КЕРБЕНИ ОШТУДА

Бош орундар жарманкесинде чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган 20дан ашык жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери катышты. Алсак, алардын катарында кызмат көрсөтүү, тейлөө, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда 2000ден ашык бош орундар бар.

КООПСУЗ МИГРАЦИЯ КЕРБЕНИ ОШТУДА

Иш-чарага катышкандар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жана мигранттардын укугун коргоо башкармалыгынын жана жеке агенттиктердин өкүлдөрүнөн чет өлкөлөрдөгү бош жумуш орундары боюнча маалыматтарды алышты.

 

Асылзат ЭРГЕШОВА,

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер