КОНКУРС: МЫКТЫНЫН МЫКТЫСЫ КИМ БОЛОТ?
- 24.09.2025
- 0
Бүгүн — “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурсунун үчүнчү, жыйынтыктоочу күнү. Талапкерлер “Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясы боюнча күч сынашууда.
Завьялова Ирина Викторовна — Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы “Бала чак” бала бакчасында 14 жылдан бери иштейт. Ал конкурстун Чүй облустук турунда жеңүүчү деп табылган.

— Мага балдар менен иштеген аябай жагат, себеби өзүмдүн кесибимди чексиз сүйөм. Конкурстун бүгүнкү этабында “Мир растений, овощи, фрукты” темасында мастер класс өттүм. Балдарым суроолорго жооп берип, оюндарды ойноп, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Аягында калыстар тобу өздөрүнүн анча-мынча сунуштарын, каалоолорун айтышты, а бирок жалпысынан макташты. Жеке баамымда өзүмдү 100 пайыз ачып бере алдым деп ойлойм, ошондуктан мактоого татырлык эле өттүм деп айта алам. Өзгөчөлүгүбүз – салттуу эмес технологияны 3D колдонгонубуз балдарга аябай кызыктуу болду. Айрыкча, алманын сүрөтүнө сууну тамчылатканда, ал аябай чоңойгону жана кагазга сыйкырдуу сууну куюп, ал жерден бадыраң пайда болгону балдарга өзгөчө эмоция тартуулады, — дейт Ирина Викторовна.
Республикалык сынактарда акыркы жылдары байма-бай ийгиликтерди жаратып келаткан Ош шаарындагы №35 “Асан-Үсөн” бала бакчасынын тарбиячысы Айжан Рустамова бул жолу да жеңиш менен кайтабыз деген бекем ишенимде. 1995-жылы төрөлгөн Айжандын жалпы эмгек стажы – 7 жыл. Бала бакчанын усулчусу жана тарбиячысы Салиева Макбуба аталган бала бакчада иштегенине 29 жылдан ашты. Ал ийгиликтин ачкычы эмгек жамаатынын ынтымактуулугунда деп белгиледи.
— Мен “Асан-Үсөн” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде иштегениме 29 жылдын жүзү болду. Биздин бала бакчанын эмгек жамааты аябай ынтымактуу. Айрыкча жаш кадрларга өзгөчө камкордугубузду көрсөткөнгө аракеттенебиз. Бала бакчанын башчысы Аймен Туралиева баш болгон эмгек жамаатынын ынтымагы, бири-бирине тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүп колдогону менен айырмаланып, атагыбыз чыгып дегендей, ийгиликтерди багындырып келатабыз деп ойлойм. Айжан – келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш кадрларыбыздын бири, ал өзүнүн инновациялык технологияларды мыкты деңгээлде колдоно билгендиги, коммуникативдүүлүгү менен айырмаланат. Ушундай сынактар айрыкча жаш кадрларга бири-биринен тажрыйба алмашуусуна, мотивация алууга жакшы шарт түзүп берет экен. Кандай болгон күндө да, республикалык этапка чыккан финалисттердин бааары эң мыктылар деп билебиз. Мыктылардын мыктысы тандалышына тилектештигибизди билдиребиз, — дейт.

Жалал-Абад облусунан келген талапкер Сайдакбарова Бүайша Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы “Ак-Тилек” бала бакчасынын тарбиячысы.
— Менин алгачкы кесибим – медициналык айым. Жети жыл фельдшер-акушердик кесипте иштеп жүрүп, турмуш шартыма байланыштуу башка кесипке өтүп, ЖАГУдан башталгыч класстын мугалими кесибине ээ болдум. “Ак-Тилек” бала бакчасында иштеп жатканыма беш жылдан ашты. Жаңы эле мастер-класс өтүп чыгып, бир аз толкунданып турамын. Алган темам “Балдарды курчап турган дүйнө менен тааныштыруу жана кеп өстүрүү” деп аталды. Ушул тема боюнча 4-5 жаштагы балдарга мастер-класс өттүм. Балдар активдүү катышып берди. Сабактын жүрүшүндө балдарды кубулуштардын түрлөрү, суу өтүүчү жана суу өтпөөчү кийимдер менен тааныштырдым. Менимче, балдарга аябай эле кызыктуу болду. Калыстар тобу менин көргөзмө куралдарымды жогору баалашты. Алар айрыкча балдардын манжаларынын моторикасын өнүктүрүү боюнча кийизден, кебезден, тактайлардан, таштардан жасалган буюмдардын жардамы менен эс алуу көнүгүүлөрүн жасатканыма көңүл бурушту, — дейт.
Бүайша Сайдакбарова иштеген Кара-Дарыя айыл өкмөтүндөгү “Ак-Тилек” бала бакчасынын директору Маклюба Жолчуевна Самиева конкурстун уюштуруучуларынын ишин жогору баалап, катышкандардын баарына ийгилик каалап өттү. Маклюба Жолчуевна бала бакчада иштегенине 34 жылдын жүзү болду.
“Сүрөөнчү кийик аттырат” демекчи, бүтүндөй бир облустун намысын коргоого бел байлап келген талапкерлерин сүрөп, алар менен бирге толкунданып, түйшөлгөн жетекчилерди көрүп ыраазы болбой койбойсуң. Жогоруда айтылгандай, сынактын республикалык этабына чейин келгендин өзү деле жаман көрсөткүч эмес. Ушундай жолугушуулар, беттешүүлөр ар биринин тажрыйбасын арттырып, бири-бирине сабак, үлгү болору талашсыз.
Быйылкы сынактын катышуучуларынын басымдуу көпчүлүгү жаш адистер экендиги да жакшы саамалык. Ошондой жаш адистерди бири — Ат-Башы районундагы Ак-Жар-Сезим бала бакчасынын тарбиячысы Казыбек кызы Бегимай. Ал Нарын облусунун камысын коргоп келгенин сыймыктануу менен белгилеп өттү. Жаш адис Ж.Баласагын атындагы КУУнун филология факультетин аяктаган. Учурда НМУнун мектепке чейинки билим берүү бөлүмүндө сырттан билим алууда. Жалпы эмгек стажы 10 жыл.

— Мен Нарын облусунун намысын коргоп келдим. Мен мастер-класста канаттуулар темасын тандадым. Баардыгына маалым болгондой, кыргыздар үчүн бүркүт — өзгөчө орду бар символикалуу куш. Колумдан келишимче ушул тема боюнча кызыктуу маалыматтарды чогултуп келип, балдарга айтып бергенге аракеттендим. Чындыгында мындай сынактарга биринчи жолу катышып жаткандыктан, аябай толкундандым. Ошол толкунданганым менин толук ачылышыма тоскоол болду окшойт. Калыстардын айткан сунуштарынын баарын туура кабыл алдым. Менин келечегим алдыда, калыстардын айткандарынын баары кийинки кароо-сынактарда мага жакшы тажрыйба болот, — деди Бегимай оптимисттик маанайда.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер