КОЛЛЕГИЯНЫН ЧЕЧИМИ МЕНЕН БИР КАТАР БИЛИМ БЕРҮҮ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ ЧАРА КӨРҮЛДҮ  

  • 11.04.2023
  • 0

 

КОЛЛЕГИЯНЫН ЧЕЧИМИ МЕНЕН БИР КАТАР БИЛИМ БЕРҮҮ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ ЧАРА КӨРҮЛДҮ  Үстүбуздөгү жылдын 22-мартында  билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин катышуусунда өткөн Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегиясынын жыйынтыгында  коллегия мүчөлөрү Чүй облусунун жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли 2022-жыл үчүн канааттандырарлык  эмес деп таап, бир катар райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордун кароо боюнча токтомун чыгарган эле.  

Коллегия Чүй облусунун 2022-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөнүн статистикалык маалыматтарын талдап чыгып, аталган облустун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Иманалиев Болот Токтоналиевичти жана Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ашыкеев Бактияр Табылдиевичтин жоопкерчилигин КРнын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык (кызмат ордун) кароону Ысык-Ата жана Панфилов мамлекеттик райондук администрациясына сунуш жиберген.

Бүгүнкү күндө Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Ал эми, Панфилов мамлекеттик райондук администрациясы тарабынан сунуш каралып жатканы маалым болду.

Ошондой эле Аламүдүн районунда жайгашкан С.Чокморов атындагы, Жайыл районундагы У.Сатыбалдиев, Ысык-Ата районундагы Ленин жана О.Жакишев, Кемин районундагы Ак-Тилек, Панфилов районундагы Е. Кожомкулов, Сокулук районунда Ч.Байсалбекова атындагы орто мектептердин директорлоруна “сөгүш”, Москва районундагы А.Жапаров, Панфилов районундагы Раимкулов атындагы орто мектептеринин директорлоруна “эскертүү” тартиптик чарасы берилген. Ал эми, Сокулук районундагы Н.Д. Жетикашкаева атындагы орто мектебинин директору өз каалоосу менен ээлеген кызматынын бошотулган.

Маалымат үчүн айта кетсек, Чүй облусундагы 290 орто мектептин ичинен 2022-жылы жалпы  республикалык тестирлөөгө 276 мектеп катышкан. Мектептердин 7 миң 787 бүтүрүүчүсүнүн ичинен ЖРТга 7 миң 498 (96%) катышып, анын ичинен 3 миң 601 бүтүрүүчү 110 баллдан аз балл (48%) алган. Чүй облусунун 168 мектебинде бүтүрүүчүлөрдүн жарымынан көбү негизги тест боюнча 110 баллдан аз алышкан. Алсак, Панфилов районунда  мындай мектептер 18 (78%), Ысык-Ата районунда жана Кара-Балта шаарында – 32 (74%), Москва районунда – 23 (71%), Кемин районунда – 21 (70%), Сокулук районунда – 24 (58%), Жайыл районунда – 19 (53%), Чүй районунда – 11 (52%), Аламүдүн районунда – 14 (40%), Токмок шаарында — 6 (40%)%). Ушундан улам   райондук билим берүү бөлүмдөрүнө бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун деңгээлинин төмөндүгү үчүн бир катар мектеп директорунун жоопкерчилигин карап чыгууну да тапшырган.

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер