КОЛЛЕДЖДИН ОКУТУУЧУЛАРЫ САНАРИПТИК АСПАПТЫРДЫ КОЛДОНУУНУ ӨЗДӨШТҮРҮП ЖАТЫШАТ
- 22.05.2024
- 0
22-майда Билим берүү жана илим министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында Алдыңкы тажрыйба борборлорунун жыйырмадан ашык окутуучулары окутуунун санариптик аспаптары тууралуу тренинде окуп жатышат.
«Билим берүүдөгү технологиялар: заманбап инструменттер жана усулдар» темасындагы тренинг катышуучуларды Learning Apps, Quiz-let, Cahoot, Google Classroom, Google Site тиркемелерин, интерактивдүү такта жана жасалма интеллекттин негизги функцияларын үйрөтүп, окутууда колдонуусуна багытталган.
Тренингде Алдыңкы тажрыйба борборлорунун бири Ош индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Самар Мамаев окутуп жатат.
Айта кетсек, «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында 8 колледждин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлор түзүлүп, алардын окутуучулары аймагындагы колледждер жана кесиптик лицейлердин кызмакткерлерине семинар уюштурууда.
Комментарийлер