КОЛЛЕДЖДЕРДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ МАМЛЕКЕТТИК РЕСУРСТАРДЫ НАТЫЙЖАЛУУ ПАЙДАЛАНУУНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 26.06.2024
  • 0

 24-25-июнь күндөрү колледждердин 68 директору жана бухгалтерлери үчүн ченемдик каржылоо жана аккредитация боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренинг Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу үчүн өткөрүлдү.

КОЛЛЕДЖДЕРДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ МАМЛЕКЕТТИК РЕСУРСТАРДЫ НАТЫЙЖАЛУУ ПАЙДАЛАНУУНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алмазбек Нишарапов Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-июнундагы №231 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө” Токтому менен бекитилген орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун  ченемдери жөнүндө айтып берди.

КОЛЛЕДЖДЕРДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ МАМЛЕКЕТТИК РЕСУРСТАРДЫ НАТЫЙЖАЛУУ ПАЙДАЛАНУУНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ КОЛЛЕДЖДЕРДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ МАМЛЕКЕТТИК РЕСУРСТАРДЫ НАТЫЙЖАЛУУ ПАЙДАЛАНУУНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Ал эми министрликтин аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Акуловадан Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы №246 “Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” Токтомунун күчүнө киргендеги өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Тренингдин катышуучулары билим берүү системасында аккредитациялоонун маанисин, объективдүүлүктү жана ачыктыкты камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер