КОЛЛЕДЖ ЖАНА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ДИРЕКТОРЛУГУНА ТЕСТИРЛӨӨДӨН 8 ТАЛАПКЕР ӨТТҮ

  • 24.04.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлугунун ордуна тестирлөөдө 8 талапкер (6 — кесиптик лицейлердин директорлугу кызматына, 2 — колледж) босого упайды топтогондугун маалымдайт.

КОЛЛЕДЖ ЖАНА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ДИРЕКТОРЛУГУНА ТЕСТИРЛӨӨДӨН 8 ТАЛАПКЕР ӨТТҮ

23-апрелде өткөн тестирлөөгө жалпы 35 адам, анын ичинен 30 – кесиптик лицейлердин директорлугуна талапкер, 5 – колледждин директорлугу кызматына катышты.

Белгилей кетсек, колледжде жана 15 кесиптик лицейде жетекчилердин бош орундары бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер